Маалыматка ылайык, азыр көп фигуралуу барельеф (томпок рельефте ага түшүрүлгөн фигуралар жана предметтер өз көлөмдөрүнүн жарымына чейин тегиздиктен чыгып турат) жаралуу процессинде. Бул дубал панели амфитеатр үчүн гипстен жасалган.
"Адистер буга чейин театрдын отургучтары үчүн темир конструкцияларды орнотушту. "Боз үй" темир инсталляциясын табигый таштар менен каптоо иштери жүрүп жатат.
Ошондой эле өзүбүздүн цехте чыгарылган 150 сырткы жарык берүүчү түркүктөрдү жана сары жарык менен жакшы жарык берген 170 даана чырактар орнотулду", - деп жазылат маалыматта.