Мелис Аспековдун жактоочусу Назира Абышкаева маалымат жыйын берди. Анын маалыматына ылайык, Аспековдун пара алып жатканы боюнча эч кандай факты жок.
"Ал акчаны алып жаткан же берип жаткан факты жок. Анын жеке акчасын алышкан. Арыз жазган адамдын берип жаткан учурунан далил жок", - деди жактоочу.
Ошондой эле Мелис Аспековдун эмне менен алектенери тууралуу да айтып берди.
"Анын жеке чарбачылыгы бар. Ал жеке менчик үйүндө жашайт. Жубайы иштейт", - деди Абышкаева. Ага бир тууган иниси кошулуп, буларды билдирди ."Ал борбордогу институтту бүтүп, андан кийин Швецарияда окуган. Ал батирлерди алып сатуу менен алектенет. Ошондой эле биздин жеке бизнесибиз бар. Ал дайыма жакшы жашоодо жашаган, жана дайыма жакшы унааларды айдап келген. Азыркы айдап жүргөн 570 жол тандабас унаасын эки ай мурун бөлүп төлөө жолу менен алган", - деди Азамат Аспеков.