Депутаттар Бишкек шаарынын мэрин кызматтан алуу тууралуу сунушту президентке жолдомой болду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, депутаттардын мындай чечим кабыл алышына Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин бүгүн, 19-январдагы Жогорку Кеңештин транспорт, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынына тоготпостук мамиле кылып, келбей койгону себеп болгон.
"Бүгүн комитетте курулуштагы көйгөйлөр жана курулуш үчүн документтерди берүү процедураларын оптималдаштыруу боюнча маселе каралмак жана суроолордун көпчүлүгү шаар бийлигинин өкүлдөрүнө берилмек. Жыйынга мэриянын бир да өкүлү келбегени депутаттарды нааразы кылды", - деп жазылат маалыматта.
Комитет жыйынында бир катар депутаттар мэрияга нааразычылыгын төмөндөгүдөй билдиришкен.
“Ушуну менен мэрия Жогорку Кеңештин жыйынын этибарга албай, экинчи жолу келген жок. Эгер мындай болсо мэрия боюнча биз да чечим чыгарып берели. Бишкек архитектурасын мамлекеттик курулуш агенттигине өткөрүп берүү тууралуу өкмөттүн токтому чыккан. Токтомду да мэрия аткарбай кечеңдетип жатат”, - деген депутат Тынчтыкбек Конушбаев.
Бул пикирди колдогон эл өкүлү Кубанычбек Жумалиев мэрди жана маселеге тийиштүү жетекчилерди кызматынан алуу тууралуу кат жазып, президентке жөнөтүү сунушун бергени айтылат.
Ал эми эл өкүлү Рыскелди Момбеков “Бул биринчи жолу эмес, экинчи жолу кайталанууда. Мыйзам боюнча биздин укук бар мэрди чакырууга. Мынакей буга чейин Бишкектин төрт мэри отуруп чыкты. Бүгүн дагы эмнеге мэр келген жок? Анткени курулуш тармагы боюнча коррупция беренеси менен көпчүлүгү абакта жатат. Бишкектин мурунку башкы архитектору коррупция менен кармалып, жакында чыкты. Ар бир үчүнчү кылмыш ушул мэрияда болот. Комитет ушундай коррупцияны демонтаж кылайын деп жатса, мэр өзү келбегени бул чыныгы саботаж. Ал аз келгенсип, бир да өкүлүн жөнөткөн жок”, - деген пикирин билдирген депутат Рыскелди Момбеков.
Жыйын соңунда Транспорт, архитектура жана курулуш комитетинин депутаттары курулуш боюнча маселени сессияга алып чыгып кеңири кароо, шаар бийлигине чара көрүү чечими кабыл алынганы белгиленет.