Бүгүн, 19-январь, күнгө шейшемби. Саясий окуялардан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. SUPER.KG порталы күн ичинде орун алган "туздуу" саясий окуялардын топтомун сунуш кылат.
Жогорку Кеңеш Балбак Түлөбаевди кызматынан алууну сунуштады
Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, депутаттар Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевди кызматтан алуу тууралуу сунушту президентке жолдомой болду.
Маалыматка караганда, депутаттардын мындай чечим кабыл алышына Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин бүгүн, 19-январдагы Жогорку Кеңештин транспорт, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынына тоготпостук мамиле кылып, келбей койгону себеп болгон.
"Бүгүн комитетте курулуштагы көйгөйлөр жана курулуш үчүн документтерди берүү процедураларын оптималдаштыруу боюнча маселе каралмак жана суроолордун көпчүлүгү шаар бийлигинин өкүлдөрүнө берилмек. Жыйынга мэриянын бир да өкүлү келбегени депутаттарды нааразы кылды", - деп жазылат маалыматта.
Комитет жыйынында бир катар депутаттар мэрияга нааразычылыгын төмөндөгүдөй билдиришкен.
“Ушуну менен мэрия Жогорку Кеңештин жыйынын этибарга албай, экинчи жолу келген жок. Эгер мындай болсо мэрия боюнча биз да чечим чыгарып берели. Бишкек архитектурасын мамлекеттик курулуш агенттигине өткөрүп берүү тууралуу өкмөттүн токтому чыккан. Токтомду да мэрия аткарбай кечеңдетип жатат”, - деген депутат Тынчтыкбек Конушбаев.
Бул пикирди колдогон эл өкүлү Кубанычбек Жумалиев мэрди жана маселеге тийиштүү жетекчилерди кызматынан алуу тууралуу кат жазып, президентке жөнөтүү сунушун бергени айтылат.
Ал эми эл өкүлү Рыскелди Момбеков: “Бул биринчи жолу эмес, экинчи жолу кайталанууда. Мыйзам боюнча мэрди чакырууга биздин укугубуз бар. Мынакей буга чейин Бишкектин төрт мэри отуруп чыкты. Бүгүн дагы эмнеге мэр келген жок? Анткени курулуш тармагы боюнча коррупция беренеси менен көпчүлүгү абакта жатат. Бишкектин мурунку башкы архитектору коррупция менен кармалып, жакында чыкты. Ар бир үчүнчү кылмыш ушул мэрияда болот. Комитет ушундай коррупцияны демонтаж кылайын деп жатса, мэр өзү келбегени - бул чыныгы саботаж. Ал аз келгенсип, бир да өкүлүн жөнөткөн жок”, - деген пикирин билдирген депутат Рыскелди Момбеков.
Жыйындын соңунда Транспорт, архитектура жана курулуш комитетинин мүчөлөрү курулуш боюнча маселени сессияга алып чыгып кеңири кароо, шаар бийлигине чара көрүү чечими кабыл алынганы белгиленет.
Буга карата Балбак Түлөбаевдин жообу да кечиккен жок. Ал депутаттардын мындай аракеттерине күлүп гана коюш керек дейт.
"Мен бул кабарды окудум. Урматтуу Жогорку Кеңештин депутаттары Момбеков жана Жумалиев, мыйзамды бир жолу ачып окуп коюңуздарчы. Мен эки мыйзамдын негизинде иштейм. Менин өзүмдүн парламентим бар. Килейген парламентке менин 3 орун басарымды чакырып жатат. Биздин ал жакка кандай тиешебиз бар? Ал жакка кичинекей мэриянын эмне кереги бар? Баарыбыз мыйзамдуу иштейли, мен суранып, өтүнүп кетейин. Мыйзамсыз иштердин негизинде элдик толкундоолор болду. Дагы бир жолу эл өкүлдөрү мыйзамды ачып окуп коюшсун. Ал комитетке өздөрүнүн өкүлдөрү бар, аларды чакыра берсин. Ал эми мени жумуштан алуу чечими мыйзамсыз, ага күлүп эле коюш керек", - деди Түлөбаев.

Октябрда кармалып, ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган аткаминер кайрадан кармалды
УКМК Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын мурдагы башчысы Калысбек Жумакановду кайрадан кармады.
Белгилүү болгондой, мамлекеттик инспекцияда биопрепараттарды жана вакциналарды жогорулатылган баада сатып алууда дагы бир коррупциялык схема аныкталып, кызматкерлерден акча талап кылуу фактыларынын бети ачылган.
"Калысбек Жумаканов жетекчи болуп турганда 2017-жылдан 2020-жылга чейин 90 миллион сомго ветеринардык дары-дармектерди алууда негизсиз келишимдер түзүлгөн. Мындан тышкары, квалификациялык талаптарга жооп бербеген сынактан өтпөгөн жарандарды жумушка алган. Ошондой эле кызматкерлер сый акы алганда опузалап акча талап кылган", - деп жазылат маалыматта.
Учурда Жумаканов УКМКнын СИЗОсуна камакка алынган.
Жумаканов баш болгон Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын бир нече кызматкери 2020-жылдын октябрь айында УКМК тарабынан кармалган. Алар ири мүйүздүү жана майда малга вакцина, биопрепараттарды сатып алууда бюджеттик каражат мыйзамсыз чыгарылып кеткени боюнча айыпталып, мамлекетке 31 миллион сом чыгым келтирилгени аныкталган. Бирок Жумаканов ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Мелис Аспековдун иниси жана жактоочусу маалымат жыйын өткөрдү
Бүгүн УКМК тарабынан кармалган Мелис Аспековдун жактоочусу Назира Абышкаева жана бир тууган иниси Азамат Аспеков маалымат жыйын беришти.
Аспековдун иниси агасынын атына арыз жазылбаганын айтып, агасы элинин алдында таза экенин билдирди.
"Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган маалыматты карасаңыздар. Ал жерде Мелис Аспековго карата жазылган арыз жок. Ал эми Улан Жураевге карата арыз бар. Биз арызды сиздерге көрсөтсөк болот. Бул саясий буйрук. Байкемдин Кудай алдында, элинин алдында эч кандай күнөөсү жок", - деди Азамат Аспеков.
Ошондой эле ал Мелис Аспековдун эмне менен алектенери тууралуу да айтып берди.
"Анын жеке чарбачылыгы бар. Ал менчик үйүндө жашайт. Жубайы иштейт", - деди Абышкаева. Ага бир тууган иниси кошулуп, буларды билдирди ."Ал борбордогу институтту бүтүп, андан кийин Швецарияда окуган. Ал батирлерди алып сатуу менен алектенет. Ошондой эле биздин жеке бизнесибиз бар. Ал дайыма жакшы жашоодо жашаган жана дайыма жакшы унааларды айдап келген. Азыркы айдап жүргөн 570 жол тандабас унаасын эки ай мурун бөлүп-төлөө жолу менен алган", - дейт Аспеков.
Ал эми жактоочу Назира Абышкаева Аспеков көрсөтмө берүүдөн баш тартканын айтты.
"Менин жактоочум тергөөдөн анын шектүү катары кармоого негиз болгон фактыларды талап кылган. Буга карата эч кандай далил көрбөгөндөн кийин көрсөтмө берүүдөн баш тартты. Мындан тышкары Аспеков менен арыздануучунун ортосунда беттештирүү процесси боло элек", - деди жактоочу.
Жыйында Мелис Аспековдун психологиялык жана физикалык абалы тууралуу да суроо берилди.
"Аспековдун физикалык абалы канааттандырарлык. Ден соолугу боюнча арыздана элек", - деди Абышкаева.
