Тойдо жүрүп кырсыкка кабылган 17 жаштагы Аида көзүн ачып, жумгандан башка кыймыл жасабай апасынын аргасы кетти

Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун тургуну 17 жаштагы Аида Ниязбек кызы күлгүндөй курагында төшөккө байланып, жарым жылдан бери эс-учун билбеген абалда жатат. Ал өткөн жылы август айында автокырсыкка учурап, буту сынып, башынан оор жаракат алган. Дарыгерлер Аиданы айыктыруу үчүн чет өлкөдө гана мүмкүнчүлүк бар экенин айтып, ооруканадан чыгарып беришкен. "Кызым он гүлүнүн бир гүлү ачыла электе ушинтип жатып калды" деп көз жашын төккөн апасы Бактыгүл Кулдубаева бизге төмөнкүлөрдү айтып берди.

Тойдо болгон каргашалуу кырсык...

- Өзүбүз Токтогул районунан болобуз. Кызым Аида 5 бир туугандын экинчиси. Жаркылдап эле жүргөн, алты саны аман кыз эле. Өткөн жылдын август айында айылда алысыраак тууган эжебиздин уулу үйлөнүп, гулянкасына чакырып жатат деп келди. Мен өзүм базарда соода кылам. "Чыкпай эле койчу, мен жумушка кеткенде үйдүн эки жагын карап отур" деп эртең менен ишке кеттим. Кийин келсем кызым кетип калыптыр, кичинекей кыздарым курбулары келип, болбой алып кетти деп айтышты. Анан мейли эми, ойноп келер деп калдым. Той болуп жаткан жерге мен кечинде келин келгенде барайын деп жаткам. Бизге жакын эле болгон үчүн музыка деле, ызы-чуу деле чыккан жок. Караңгы кирип калганда барып карап келчи деп кызымды жөнөттүм. Келе элек экен деп келди. Кийин эле кызым отурган унаа кырсыкка учураганын айтышты, учуп-күйүп ооруканага жеттик. Барсак кызымдын буту сынып, бети-башы шишип, көгөрүп кетиптир.

Айдоочу мас абалда болгон...

- Токтогул райондук ооруканасынын дарыгерлери эч нерсе кылбай эле алдастай беришти. Анан эртеси күнү биздин колубуздан келбейт, Бишкекке алып баргыла дешти. 20 миң төлөп "Тез жардам" унаасы менен шаарга алып келдик. Кызым кырсыкка учураган унаанын айдоочусу мас экен. Ал каршы тилкеде келе жаткан унаанын астынан чыга калып, экөө сүзүшүп кетиптир. Карама-каршыда келе жаткан унаанын айдоочусу ошол эле жерден каза болуптур. Кызым отурган унаанын ичинде дагы эки курбу кызы бар экен. Алар менин кызыма караганда жеңил жаракат алышып, азыр жакшы болуп калышты. Аида айдоочунун аркасында отурган экен, эң оор жаракатты менин кызым алыптыр. Курбу кыздары айтышты, катуу ылдамдыкта айдап келе жаткан. Аңгыча болбой эле сүзүшүп кетти деп.

Дарыгерлер биздин күчүбүз жетпейт дешти...

- Бишкекке алып келсек эмнеге кечиктирип жүрөсүңөр деп дарыгерлер урушту. Биз алып келген учурда кызымдын мээси менен кан аралашып кеткен экен. Токтогулда ооруканада башын ачып, канын тазалап койгондо кызым мындай абалга жетмек эмес экен (ыйлап). Бишкекке келгенде гана операция жасалды. Комага түшүп, кайра чыгып, оор абалда жатат. Көзүн гана ачып-жумат, башка эч бир кыймыл-аракет жасай албайт. Дарыгерлер биз колдон келгенин жасадык, үйүңүзгө чыгарып кете бериңиз дешкен. Учурда Бишкектин четиндеги Военно-Антоновка айылында ижара төлөп батирде жашап жатабыз. Айылга алып кетейин десем оорусу кармап калганда ал жактагы дарыгерлер карабай коюшууда. Аргасыздан шаарда жашап жатабыз (ыйлап).

Чет өлкөгө алып баруу зарыл...

- Дарыгерлер мындай ооруну бир гана чет өлкөдө айыктырууга мүмкүнчүлүк бар дешти. Ал жакка көп суммадагы акча талап кылынат экен. Биздин андай акчабыз жоктугунан улам элге кайрылууга аргасызбыз (ыйлап). Жарым жылдан бери миллион сомго жакын акча сарптадык. Азыр айылдагы үйүбүздү сатууга койдук (ыйлап). Ушул чырактай кызыбыз жакшы болуп кетсе экен деп эле болгон аракетибизди кылып жатабыз. Кайрымдуу элдин жардамына муктажбыз азыр.
Аида Ниязбек кызына жардам берүүнү каалагандар үчүн: РСК БАНК: 03702417348201000323 ЭЛСОМ: 0708 111 267
Аида Ниязбек кызы кайрымдуу адамдардын жардамына муктаж
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Qwer007
2021-01-20 17:14:54
Аллах шыфасын берсин
+21
nurbek56
2021-01-20 19:49:21
Жакшы болуп кетсин Ааллахым озун шыпасын бер
+13
Jaka78
2021-01-20 20:40:45
Эх кандай гана өкүнүчтүү
+11
algakaray
2021-01-20 21:00:48
Мас болуп айдап канча адамдын убалына калды
+8
Istina1000
2021-01-20 23:54:06
Аллахым, шыпаасын берсин
+3
oopapa
2021-01-21 09:42:32
Аллахым Аидага озун жардам бер.
+2
777888
2021-01-21 11:26:24
Аллахым шыпаасын берип, айыгып кетсин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан