Биз социалдык тармакта

"Жылына 400-450 миң сом киреше табам" деген Дамирбек Назаров Жогорку Соттун судьясы болуп шайланды

Дамирбек Назаров Жогорку Соттун судьялыгына талапкерлиги каралды. Анын талапкерлигин президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов парламентке сунуштаган.

Депутат Дастан Бекешев судьялыкка талапкерге декларациясы тууралуу суроо берди.

"Өзүңүз билгендей бир нече судьяга "мыйзамсыз баюу беренеси менен кылмыш иши козголду. Ошондуктан менде мындай суроо пайда болду, сиз декларация толтургансызбы? Жылдык кирешеңиз канча?", - деди Бекешев.

"Менин Ноокен районунда 2 бөлмөлүү үйүм бар, 17 сотых үлүш жерим бар. Андан сырткары келинчегимдин атында да айрым мүлктөр бар. Мунун баары декларацияда көрсөтүлгөн. Жылдык кирешем 400-450 миң сомду түзөт", - деди Назаров.

Жыйынтыгында 92 депутат Назаровдун талапкерлигин колдосо, 1 депутат каршы болду. Көпчүлүктүн добушу менен Дамирбек Назаров Жогорку Соттун судьясы болуп шайланып, Жогорку Кеңеште ант берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
zhunusali
2021-01-20 14:55:44
Жердешчилик ...башталды...
-7
Talant22
2021-01-20 15:08:59
5 жылдан кийин 400-450мин доллар табам деп журбойбу
+6
Kuban-1207
2021-01-20 15:22:01
Мына жердешчилик депутаттын 90 пайызы түштүк тараптан
-9
baisogur
2021-01-20 15:26:48
Kuban-1207,тундук туштук деп болбочу биз алакандай эле жербиз Казакстандын бир обласындай жерди камтыйбыз ошого бирге бололучу болунбой
+9
Mister-XXX
2021-01-20 18:29:48
baisogur,Туштук эли Жапаровду тундуктон дебей эле колдоду.Жогорку дабдырга тушундуруп койчу.Туштукто трайбализм жок деп айтып койчу...
0
Jacob.
2021-01-20 16:57:06
Kuban-1207, сага окшогон кемчонтойлордун айынан 30 жыл аркага кетип олтурабыз..
+3
Tursunbaev1978
2021-01-20 18:12:50
Kuban-1207,турушуң менен иван экенсиң
+1
Gulipa
2021-01-20 17:58:48
Ошондо жердешчилик болгондо Садыр Жапаров түштүктөнбү?Кимге жердеш деп жатышат түшүнбөйсүң киши
+2
almanbetperm
2021-01-21 09:37:45
400-450 мин деп кантип уялбай айтып атат, жонокой менин жылдык кирешем 600-700 мин,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан