Октябрь айында орун алган толкундоолор Садыр Жапаровду абактан гана алып чыкпастан, ага президенттик шайлоодон жеңиш дагы алып келди. Жапаров атаандаштарынан ат чабым алдыга кетип, шайлоочулардын дээрлик 80 пайыз колдоосуна ээ болду. Мындай ийгиликке жетүүгө Садыр Жапаровдун көп жылдан берки жакын досу Камчыбек Ташиевдин да салымы бар экени жашыруун эмес. Экөөнүн достук мамилеси октябрь окуяларынан бери эл оозунан түшпөй келет. Буга байланыштуу өлкө башчысы Садыр Жапаров менен учурда УКМКны жетектеп турган Камчыбек Ташиевдин достук мамилесинин таржымалына кайрылып көрүүнү туура көрдүк.
Эки достун саясаттагы жолу алгачкы ирет 2005-жылы кесилишкен. Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн Түп шайлоо округунан, Камчыбек Ташиев Жалал-Абаддын Барпы шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланып келишкен. Ага чейин Ташиев өкмөттүн аппаратында иштеп турган, ал эми Жапаров эл өкүлү болуп шайланганга чейин мамлекеттик кызматтарда иштеген эмес.
Абактагы достук
Эки дос 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо биринчи орунду алган "Ата-Журт" партиясынын курамында Жогорку Кеңешке шайланып келишкен. 2 жылдан кийин достордун катышуусунда "Кумтөр" алтын кенин улутташтыруу маселеси боюнча митинг өтүп, анда орун алган баш аламандыктардан улам ошол кездеги эл өкүлдөрү Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго кылмыш иши козголгон.
Досторго карата 2012-жылдын октябрь айында козголгон кылмыш иши 2013-жылдын январь айында гана тергелип бүтүп, 10-январь күнү сотко ашырылган. Алгач бул ишти Биринчи Май райондук соту карап, Ташиев менен Жапаровду 1 жыл 6 айга, Мамытовду 1 жылга эркинен ажыраткан. Кийин бул чечимди Бишкек шаардык соту жокко чыгарып, 3 депутатты тең актаган. Бирок прокурорлор Жогорку Сотко даттанып, аталган инстанция эл өкүлдөрүнүн жаза мөөнөтүн 1 жыл 5 ай деп белгилеп, мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу сот залынан бошоткон.
Кийинки соттук териштирүүгө Садыр Жапаров жалгыз катышкан. 4 жылдай чет өлкөдө жүргөн Жапаров мекенине кайтууну чечип, 2017-жылдын 25-мартында Казак-Кыргыз чек арасынан өтүп жатканда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Кийинчерээк сот аны массалык баш аламандыктарды уюштурууга, ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууга күнөөлүү деп таап, 11 жыл 6 айга эркиндигинен ажыраткан.
"Урматтуу президент, мен сизден ыйлап суранам, Садырга ырайым кылыңыз!"
Абактагы досуна Камчыбек Ташиев ар тараптан колдоо көрсөтүп турду. Жапаровду колдоо митингдеринде ар дайым алдыда жүргөн Ташиев досун абактан чыгарууну бийлик өкүлдөрүнөн талап кылып да, суранып да көрдү. Ал маектеринин биринде президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, досуна ырайым кылуусун суранган.
"Садыр Жапаровдун атасы, апасы дүйнөдөн өттү. Анын чырактай болгон уулу өттү. Бул эмне деген тагдырдын таш боордугу? Мен өзүм суранып жүрүп Садырды президенттен ырайым суроого көндүрдүм. "Ырайым сурап президентке кат жаз досум. Бала-чакаң кыйналды, башкалар эмне десе дей берсин" дедим. Андан бери 6 ай өттү же макул болуп абактан чыгарышкан жок же баш тарттык, чыгарбайбыз деген кат келген жок. Мен азыр дагы улуу Орозо айында урматтуу президентке кайрылат элем. Урматтуу Сооронбай Шарипович, сиздин иниңиз катары, сизди колдогон адам катары, мындан ары да колдой турган адам катары суранам. Садыр Жапаровго ырайым кылыңыз. Аны Кудайдын улуу күнүндө абактан чыгарып бериңиз. Мен сизден ыйлап туруп суранам. Эгерде биздин сунушубузду кабыл албасаңыз, албетте, ал өзүңүздүн эркиңиз. Биз сиздин чечимиңизге макул болобуз. Бирок бул күндөр да өтөт, Кудай буюрса, жакшылык күндөрдө жолугушабыз. Садыр менен да жолугушабыз. Сизден суранарым ырайым кылыңыз".
"Садыр жакшы көргөн досум, экөөбүздү бийлик, байлык ажырата албайт"
Октябрдын башындагы элдик толкундоолор өлкөдөгү бийликтин алмашуусуна себепкер болду. Досунун жана тарапташтарынын жардамы менен абактан чыккан Садыр Жапаровду алгач парламент премьер-министрликке шайлады. Январь айында өткөн президенттик шайлоодо ал элдин дээрлик 80 пайыз колдоосуна ээ болуп, учурда өлкөнүн эки чылбыр, бир тизгинин колуна алып келүүдө. Айрымдар бийлик, мансап эки достун ортосуна от таштап, көп өтпөй таасир талашуу башталып, алардын ортосунда ажырым пайда болорун божомолдогону менен азырынчы мындай белгилер байкала элек. Тескерисинче, Камчыбек Ташиев маектеринин биринде "Садыр экөөбүздү бийлик-байлык ажырата албайт" деген пикирин айткан.
"Ал жөн эле талапкер эмес. Мен үчүн бардык талапкерлер бирдей. Садыр мен үчүн чоң адам. Садыр жакшы көргөн, жашоомдо тапкан жакшы досум. Биз Садыр экөөбүз мурдатан ойлонгон, мамлекетти башкача кылып курабыз, өлкөгө иштейбиз, элдин кадыр-баркын көтөрөбүз деген максаттарга жетерибизге ишенем. Садыр экөөбүздүн достугубуз, мамилебиз түбөлүк болот деген ойдомун. Ал экөөбүздү Кудай эле ажыратпаса, башка бийлик, байлык, талаш-тартыш ажырата албайт. Чагымчылдар туруп алып, Садыр менен Камчыбек урушуп жатыптыр, минтип атыптыр деген сөздөр туура эмес. Садыр азыр шайлоого баратат. Ал эгер буюруп, өлкө башчы болуп калса, биз баягы максатыбызга чогуу жетебиз. Себеби Садыр экөөбүз мындан дагы оор мезгилди башыбыздан өткөргөнбүз", - деп билдирген Ташиев.
"Достук мамилебизди элдин кызыкчылыгы үчүн колдонууга антташканбыз"
Дал ушул сыяктуу эле сөздөрдү досуна карата Садыр Жапаров да айтып келет. Ал маектеринин биринде досу экөөнүн ортосунда "пикир келишпестиктер пайда болду" деген кептерди төгүнгө чыгарган.
"Ташиев экөөбүз 2005-жылы бир мандаттуу округдардан депутат болуп шайланып келгенде таанышып, чогуу иштешип калганбыз. Ошол күндөн ушул күнгө биз үй-бүлөбүз менен чай ичишип, катышабыз. Андан бери канча суулар акты, канчалаган кыйынчылыктарды көрдүк, жада калса түрмөдө да бирге отурдук. Ушул күнгө чейин достугубуз уланып келе жатат. Экөө урушуп кетиптир деген сөздөр калп. Биз урушпайбыз, урушсак дагы ич ара урушуп, кайра тил табышып алабыз. Биздин достугубуздан бир гана Кудай ажыратышы мүмкүн. Ушактар, интригалар бизди уруштура албайт. Достугубуз түбөлүк бойдон калат. Достук мамилебизди элдин кызыкчылыгы үчүн колдонууга антташканбыз", - деп билдирген Жапаров.