Декабрь айында ыштын айынан Бишкектин ар бир тургуну 200 чылым чеккенге барабар болгон зыян тарткан

Былтыр, 2020-жылдын декабрь айында Бишкек шаарындагы ыштын (смог) айынан шаар тургундарынын ар бири 200 чылым чеккендегидей зыян алышкан. Мындай маалыматты "МувГрин" коомдук бирикмеси атайын изилдөө жүргүзүп, социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"2020-жылдын декабрь айы Бишкек шаарынын абасы башка айларга салыштырмалуу эң булганган ай болду. Мисалы, 1-27-декабрь күндөрү шаардын ар бир тургуну, анын ичинде жаш балдар жана кош бойлуу аялдар 12 чылым тартышты. Бир айда шаардын ар бир тургуну тарткан чылымдын жалпы саны орто эсеп менен 200 даананы түздү", - деп жазылат билдирүүдө.

Аталган коомдук бирикме изилдөөнүн жыйынтыгын "Ош базары", Москва-Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде жана АКШ элчилигинин жанындагы абаны өлчөөчү приборго таянуу менен чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан