11-январдан баштап коронавирус жуктуруп алган дарыгерлерге 200 миң сом эмес, 75 миң сом компенсация төлөнөт. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, ковид илдетин жуктуруп алган дарыгерлерге компенсация төлөп берүүнүн тартиби өзгөрдү.
"Жаңы тартипке ылайык, 11-январдан тартып жумуш учурунда ковид жуктуруп алган дарыгерлерге 75 миң сом өлчөмүндөгү компенсация төлөнөт. 1-январга карата коронавирустан каза болгон 32 дарыгердин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон төлөнүп берилди. 1137 дарыгер 200 миң сомдон компенсация алды, дагы 237 дарыгерге 200 миң сомдон төлөнүп берилет", - деди Бейшеналиев.