2017-жылы Кыргыз өлкөсүнө Улуу жана Кичи Памирден боордоштор билим алуу үчүн алып келинген.
Памирден келип 3 жыл Нарында жашап, кийин Ош облусуна караштуу Алай районунун Талды-Суу айылындагы салынган жаңы үйлөрдүн бирине үй-бүлөсү менен көчүп келген Турганбай Абдулвахид уулу учурда мыкты студенттердин бири. Ал Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде башка студенттерден кем калбай жакшы окуп, балдар менен кадимкидей аралашып кетти.
SUPER.KG порталы Памирден келген Турганбай менен маектешип, студенттик күндөрү, дегеле Кыргыз өлкөсүнө келгени жашоосунда кандай олуттуу бурулуштар болгону тууралуу кеп кылды.
- Турганбай, өзүңүз, үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз.
- Мен Турганбай Памири, үй-бүлөдө 7 бир тууганмын. Менден улуу 2 эжем бар, алар Памирден турмушка чыгышып, учурда бул жакта жашашат. Калган 3 бир тууганым дагы ата-энем менен бирге турушат. Үйдүн эң кичүүсү Алмазбек. Ал Кыргыз өлкөсүндө төрөлгөн, азыр 3 жашта. Буюрса, алдыда дагы бир туугандуу болом. 2017-жылы мурдагы башчы Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен Памирден Нарын шаарына көчүрүлүп келгендердин катарында биз дагы үй-бүлөбүз менен бар болчубуз. Ошентип 16 жашымда тамга тааныдым. 1-класстан окуп, которулуп отуруп 3 жылда 9 жылдык программаны бүтүп, 2020-жылы Ишеналы Арабаев атындагы педогогикалык колледжге тапшыргам.
- Кыргыз өлкөсүнө келгенден бери жашооңордо кандай өзгөрүү болду? Кандай өзгөчөлүктү байкадыңыз?
- Эң биринчи келгенде Нарында 3 жыл жашадык. Ошол жерден мектеп босогосун аттап, ошол жерден билим алдык дегендей. Максатыбыз - бир туугандарым менен билим алуу болду. Албетте, жашоо жакшы нукка бурулду. Башында кыйынчылыктар болбой койгон жок, айылга, анын ичинде адамдарга, дегеле жерге көнүү баарыбызга эле кыйын болду. Окууда кыйынчылыктар болду, бирок ага карабастан талыкпай аракет кылдык. Каада-салтыбызда айырма бар экен, бизде мисалы аялдар менен эркектер аралашып жүрбөйт, кучакташып, өбүшүп учурашпайт (күлүп), аялдардын шым кийгени бизге башында өөн учурап жатты, кыска чач, кыска кийимчен жүргөндөргө таң калып жүрдүк.
Борборго келгенде мага Бишкек өтө чоң шаар көрүндү. Имараттар, унаалардын көптүгү, бардык жер кооз болуп жагып жатты. Кыргыз элибиз кичи пейил, пейили кенен, Памирден келген боордошум деп сыйлашып, ушул күнгө чейин эч жаман сөз айтпай келишет. Жакшы жактары көбүрөөк десем туура болот го.
- Учурда борбордо билим алып жатасыз, студенттер кандай кабыл алды?
- Орус тилин үйрөнүү мен үчүн кыйынчылыктарды жаратууда. Керек болсо кыргыз тилинде жазганды, окуганды бул жактан үйрөндүк да. Бирок тил үйрөнүүгө дагы аракет кылып жатабыз. Студенттер кубануу менен жакшы кабыл алышты, ошол себептүү бат көнүп кеттим. Көпчүлүк студенттер Памирдеги жашоо-шартты кызыгып сурашат. Кыргыз өлкөсүнүн дагы бир топ жерин кыдырып көрүп келдим. Ордолуу Ош шаарынан тарта, жерибиздин бермети Ысык-Көл, жаштардын шаары Жалал-Абадга чейин бардым.
- Негизи эле Памирден келген кыргыздар айылда эмне менен алек болушат?
- Өкмөт тарабынан бир аз жардамдар болуп турат. Тамак-ашка акчалай жардам берип турушат, анан балдарга жөлөк пул чектеп берет. Өкмөт тарабынан берилген заманбап үйлөр жарымына жетпей калган, ошол себептүү чакан үй-бүлөлөр экиден биригип жашап жатышат. Биз көчүп барган айылда эч кандай деле жумуш жок, эл күнүмдүк жашоосун мал, дыйканчылык менен өткөрүшөт. Мал тиричилик анын ичинен уй, анын сүтүн, айранын алып, сатып иш кылышат. Айылда көбүнчө акча каражатын деле колдонушпайт.
- Кайра Памирге кетем деген ойлоруңуз жокпу? Алдыда кандай максаттарыңыз бар?
- Мен Памирдеги жердештерге барып, билим берип, аларды дагы сабатсыздыктан чыгарып, кат-сабатын жойсом деген максатым бар. Караңгыдан жарыкчылыкка чыгарам деп максат коюп жатам. Аларды бул жакка көчүрүп келгенге колдон келбесе ал жакка барып өзүмө алган билимимди берсем, билген нерсемди үйрөтсөм деген жакшы тилегим бар.