реклама
super.kg logo

Поэтерапия: "Таянбастан баалуулукка эч кандай, келип турат мен жөн гана сүйүлгүм"

 
Алдина Эрмаматова Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Башат айылында 2000-жылы 30-ноябрда төрөлгөн. 2016-жылы ушул эле айылдын №53 Зеби Кутманова атындагы орто мектебинин 9-классын аяктап, Бишкектеги Агротехникалык колледжге тапшырып, 2019-жылы ийгиликтүү аяктаган. Учурда К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин 3-курсунда окуйт. Чыгармачылыкка кичине кезинде эле кызыгуусу ойгонуп, 9 жашынан бери ыр жазып келет.

"Кечир уурдадым"
Оюн-күлкү жаштыгыңды уурдадым,
Ойго салдым көп учурда кыйнадым.
Көзүң жумуп кылыгымдын баарына,
Жаманыңды жамандыкка кыйбадың.

Жаштык кылып кыйналганың туйбадым,
Себеби жок эркеледим, ыйладым.
Кичинекей нерсе үчүн кайгырып,
Кечирчи ата, кубанычың уурдадым…

Көрсөтөм деп бизге турмуш жыргалын,
Териң төгүп мээнет болду кылганың.
Аярлабай талап кылып көп нерсе,
Кечирчи ата, ден соолугуң уурдадым.

Эми баарын түшүндүм мен улгайдым,
Жалбарып Жаратканга күн сайын,
Ата сенин амандыгың сураймын.

"Ата-энебиздин биз үчүн жасаган эмгеги эбегейсиз. Атам ар бир көз ирмемин бизге кең келечек куруп берүүнүн камылгасы менен өткөрүп, өзү көп нерседен баш тартып жатканын көп байкайм. Анан дагы кыз бала көбүнчө атасына жакын болот эмеспи. Атам экөөбүздүн окшош жактарыбыз дагы арбын. Бул ырымда атамдын эмгегин, мээнетин айткым келген", - дейт ал.

"Жолдобуз"
Катуу сөздү жүрөккө жакын алып,
Көз жаш төгүп сыздайбыз жараланып.
Көңүлдөргө азапты топтоп анан,
Тирүүлүктөн кетебиз сапар алып.

Бакыт эмне экендигин түшүнбөй,
Түгөтөбүз бир өмүрдү бүтүндөй.
Жашаганга жетишпестен бир күнү,
Жоголобуз оттон чыккан түтүндөй.

Жолдош кылып жалгыздыкты журөккө,
Ишенимди ыйгаруудан коркобуз.
Бир күн биз да кез келебиз өлүмгө,
Азыр болсо ал тарапка жолдобуз.

"Тирүүлүктүн, дегеле тирүүлөрдүн баркын 2020-жылдагы жоготуулар бизге далилдеди окшойт. Көптөгөн улуу инсандарыбыздан айрылдык. Ушул окуяларга таасирленип өмүр менен өлүм тууралуу көп ыр жаздым. Алардын бири ушул "Жолдобуз" аталыштагы ырым", - деди жаш акын.

"Жакшы адам"
Мен оорусам кошо ооруп сыздаган,
Апам сындуу мүнөзүмө чыдаган.
Жан болсоңуз кыйын күндө түшүнгөн,
Мен жар болом сизди дайым сыйлаган.

Бер дебеймин асыл ташты, жакутту,
Тартуулаңыз жалгыз сүйүү бакытты.
Сиз ыйгарган ак махабат чынында,
Бүт ааламдын байлыгынан артык го.

Мен болоюн ишенимди ак сактаган,
Сиз да мендей болуңуз ээ жакшы адам.

"Бул ырымды келечектеги түгөйүмдүн кандай болуу керек экендигин кыялданып отуруп жазгам. Ар бир эле адам жакшы түгөйгө туш болууну каалайт эмеспи", - дейт ал.

"Кездештим"
Өзүм менен өзүм бүгүн кездештим,
Көңүл, сезим баары менен элдештим.
Билип, туюп турса дагы жүрөгүм,
Сүйлөө, тандоо укугун эч бербепмин.

Мындан ары эркиндикти беремин,
Жашайм, сүйөм жүрөк менен сеземин.

"Күнүмдүк майда-барат жумуштар менен алпурушуп жүрүп жүрөктү, жан дүйнөнү көз жаздымда калтырып коёт экенбиз. Бул саптарды ошол нерсени анча-мынча түшүнүп жана өзүмдүн ички дүйнөмдү талдап отуруп жазгам", - деди.

"Кечириңиз"
Оорутпайын сиздик аруу көңүлдү,
Башка жанга арнагам бүт сезимди.
Бардык жактан топ келишкен болсо да,
Бере албаймын сизге сиздей мээримди.

Үмүт отун өчүрөм деп үйлөгөн,
Күтүлбөгөн жоопту сизге сүйлөгөн.
Махабаттын шагын минтип сындырып,
Кечириңиз күнөөлүүмүн сүйбөгөн.

"Кимдир бирөөнү сүйдүрөбүз, башканы сүйөбүз. Кээде мыкты мырзалар сезимдерин арнап калышат. Бирок көңүл көксөбөсө сезимдерин кабыл алуу мүмкүн эмес экен. Дал ошондой абалга кептелип, кечирим суроо иретинде ушул ырымды жазгам", - дейт Эрмаматова.

Бирөө ашык, көркөмүнө үнүмдүн,
А башкалар саптарына ырымдын.
Таянбастан баалуулукка эч кандай,
Келип турат мен жөн гана сүйүлгүм.

Бул ырымдын темасы жок. "Айланаңда адамдар толтура, бирок кээде өзүңдү жалгыз сезесиң" деген кеп бар эмеспи. Ошол учурда жакшы бир адамга жолугуп, жөн гана сүйүлүп жашоону кыялданган учурда жазылган.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.01.2021. 00:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
177
Катталган:
01-11-2013
Соӊку аракети:
09-03-2021 00:57
Жынысы:
Белгисиз
+2
Милая,умная
24.01.2021. 15:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
88
Катталган:
28-07-2019
Соӊку аракети:
08-03-2021 15:11
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн сонун сулуу кыз талантына таазим чын журоктон
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
162870;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбекова 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: