Поэтерапия: "Өбүшкөнүң угуп калсам, Өрттөп ийем Бишкекти"

Бул жолку "Поэтерапия" рубрикасынын коногу белгилүү акын Бурулкан Карагулова. Ал 1957-жылы Токтогул районунда туулган. Мектепти Токтогулдан, Ноокат районунан, Жалал-Абаддан окуган. Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. Жазуучулар Союзуна 1994-жылы өткөн. 10 китептин автору. "Кыздар, ай" деген энциклопедиянын 7 китебин, "Алыкулга ырдесте", "Байдылда акын" китептерин чыгарган. Москвадагы "Москва кайрыктары" бирикмесинин түзүүчүсү. "Кыял кемеси", "Көкүрөгүң жыттап алдым билгизбей", "Сүйүүңдү сүртүп кеттиң жүрөгүмө", "Бул дүйнө көркү чыгат сүйүү менен", "Мен сүйүүнүн доктору", "Билик" , "Ойдун эшиги" аттуу ыр жыйнактарынын жана "Селсаяк", "Токтогул көлү - көз жашым" прозаларынын автору. Учурда Кыргыз Республикасынын "Кыргыз акын-жазуучулары" коомдук фондунун башчысы.

Сен өбүшпө аны менен,

Сактап калат ич кекти.

Өбүшкөнүң угуп калсам,

Өрттөп ийем Бишкекти.

Сен өбүшсөң башка менен,

Мен экинчи өппөймүн.

Алас кылып, бутуң баскан,

Бүт дүйнөнү өрттөймүн.

"Өрттөп ийем Бишкекти" аттуу ырым гезитке чыкканда биз Москвага көчүп кеткенбиз, иштейбиз, жашайбыз деп. Ал жактан тааныштар жолукса эле "Эмнеге Бишкекти өрттөп келдиң?" деп сурай беришчү. Ал ыр капысынан эле жазылып калган. Сырттан бир аялдын кыйкырган үнү чыкканынан Нурбек сыртка барып сүйлөшүп туруп калды. "Ким экен, эмне келиптир?" десем, жөн эле дейт. Ой, айтпайсыңбы, эмне дейт? десем, "Эмне демек эле капырай, бандит досуң эле, жүр талаага, өбүшүп келебиз дейт да, башка эмне демек эле?" дегенде аябай күлдүм. Анаранын атын бандит дечүмүн. Ушундай аялдар болот, эркектей корс, үнү жоон, басканы копол, тамеки чеккен, арак ичкен, сөгүнгөн, эркектей иштеген, жанына келсең жыт уруп турган. Аны Нурбек менен чогуу огороддо иштегенге Доктуркан ээрчитип келген. Ага караганда Сактанов сымбаттуу, көркөмдүү болуп калат. Күндө эле ошо сөздү эстеп күлө бердим да, бир күнү ыр жазып Нурбекке көрсөтсөм Өк, жүрөктү түшүрбөчү дейт. Болбосо ал сөздүн автору өзү болчу да. Анан биз Москвадан көчүп келген жылы революцияга жамынып Бишкекти өрттөп жиберишкенде ичим аябай ачышты, ушул ырды жазбай эле койбой деп...

Келдиңиз, чындап эле келдиңизби,

Жүргөндө көкүрөккө батпай кусам?

Тараза "чарт" жарылмак көтөрө албай,

Азыркы кубанчымды салмактасам....

Сиз менен бирге калып ушул түнү,

Мейличи таңга жетпей өлүп калсам.

Жаш кезде бир байкени аябай жактырып калдым. Өзүнөн улууну сүйүп ыр жазган мода болчу. Анда-санда эле бир көрөм. Ошол арада ушул ырды 4 куплет кылып жазгам. Анан жатаканада жашаган бир эже мага "жүрү, ресторанга барабыз, жигиттер чакырып жатат" деп калды. Кафе деген анда жок болчу. Өмүрүмдө ресторанды көргөн эмесмин. Ресторанга туфли кийип кирет экен деп ойлочумун. Эже даяр болгондо сумкама туфлимди салып алып ээрчип жөнөдүм. Кирип баратып туфлимди кийейин деп, өтүгүмдү каякка саларымды билбей туруп калдым. Эже мени карап алып күлө берип боору эзилип калды. Көзүнүн жашы куюлуп жатат. Мен аябай ыза болуп калдым. Көрсө өтүкчөн деле кире беришет экен да. Анан жигити чыгып калды кирбейсиңерби? деп. Көргөн көзүмө ишенбей эсим ооп турам. Жанагы мен ыр жазган аке экен, тобо. Бакага окшоп күлсө тиштери сары болуп көрүнүп турат. Өзү да маймылдай экен. Кечээ эле көзүмө периште көрүнүп жаткан да. Уялбай күйөөдөн чыккан эжени ресторанга чакырат деп жиним келип жатат, а анын деле аялы, баласы бар экени менен ишим жок. Алар эмнени сүйлөшүп, эмнени жешти көңүл да бурган жокмун. Болгону качан бийлейт экенбиз деп эле күтө бердим, ресторанга бийлегени келишет экен дечүмүн да. Тамагын ичпей койдум. Эмнегедир экөөнү тең айыгышкан душманымдай көрүп жаттым. Менин таза сезимим бир паста кулап түштү. Келип эле ушул 4 куплет ырымды тытып салдым. Мейличи таңга жетпей... деген эле сабы жүрөгүмдөн чыкпай койду, анан 6 сап кылып кайра жазып койгом. Бүт жерде ушу ырымды оку деп суранышат.

Кийимдин түрүн тандап кийип албай,

Артынан бир шүмшүктү сүйүп калбай.

Алыста шорум катып жүргүчөктү,

Кошунамдын уулуна эле тийип албай.

Бул бир куплет ыр деле жөн эле жазылган эмес. Жаш кезде аябай көп жигиттер сөз айтты. Тандап жүрүп тазга жолугуп калдым. Ал деле бөлөк-бөтөн эмес болчу. Жакшы эле таанычумун дегеним. 2 балалуу болдум. Күндө эле ыр-чыр. Органда иштеген бир бала аялдамадан "эже, кандайсыз?" деп учурашып калды. Акыбал сурашып басып кеттим. Себеби, алар жетим калып 2 карындашы менен келип шаарга органга ишке туруп, бөбөктөрүн интернатка орноштурган. Мен ал эки кызды кароого алып, курсагына көз салып, чачын тарап берип келчүмүн. Бөбөктөрүн да сурай албадым тиги дөңдөн айбыгып. Ичим ачышып калды. Үйдө отуруп кечинде ошо эки кызды эстеп ыйладым. Тигиним "Оо, алиги кошунаңдын баласын эстеп ыйлап жатасыңбы?" деп айтат. Мен унчукпай отурдум да, колума кагаз калем алып ушу ырды жазып койдум. Эртеси эки баламды куржунума салып алып, турмуштун эң оор тарабына, деңиздин эң терең жери поэзия деген ааламга кулач уруп сүзгөн бойдон алыс... алы-ы-с кетип калдым.

Ии, ЖИНДИ...

Экөөбүз кулаган чөптөрдү,

Түн ичи ээндикте ким билди...

Койсоңчу десем мен, деп ийдиң:

«Мен сени сүйөм да... ии жинди»...

Илебиң айланы кетирди,

Таттуусу тамшантып эринди.

Оозумду бошотом деп жатып,

Сүйөм деп алдымбы, ээ жинди?

Илебиң от беле, чок беле,

Илептен башкасы жок беле?

Шатырак жамгырды шылтоолоп,

Шап эле жабышкан шок дене.

Сен да мас, мен да мас сүйүүгө,

Бүт дүйнө мас болуп сүйүүгө.

Эркектин отуна жылынып,

Не жетсин сүйүшүп жүрүүгө?!

Күн узак, кеч кирбейт эртеси,

Чөптөр да бир жыргап эргиди.

Таттуусун эңсетпей эриндин,

Чалып кой күттүрбөй, ээ жинди...

Тиги (ред.мурдагы жолдошу) экөөбүз классташ болчубуз да. Ал мени кытай дечү, ии жинди сен немиссиң деп ойночубуз. Жаш кезде экөөбүздөн эстелик болуп ушул эле сөз калыптыр. Бир күнү чалып, үйгө келип неберемди көрөм деп калды. "Ии жинди, жоголчу" деп жиберипмин. Келди, небересин көрдү. Ошондо көзүмө жаланкычтай көрүндү. Дагы эстесем андан эч нерсе эстеликке калбаптыр менде. Аны жокко чыгарып салгам. И баса, кыстырма катары айта кетейин, энеси кызыма бир эт төшөк жасап берген, алдына салып жатсын деп. Ажырашып кеткенден кийин оо бир далай убакыт өткөндө бизди издеп таап келип калыптыр. А мен шордуу кыздарыма: баргыла, атаңар менен учурашкыла! - деп жатпаймынбы? Ал: ой убакыт жок, шашып жүрөм, мага баягы апам тигип берген эски төшөктү берчи, ошону эле алып кеткени келдим? деп жатпайбы? Дагы көп окуялар болгон. Ошонун баарын эстеп отуруп, жаш кезде, таза, тунук кезде бир эле ии жинди... деген эле сөзү калыптыр да, калганынын баарын таштандыга таштап салыптырмын. Ошондон улам ушул "Ии жиндини" жазгам.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dolbooruwka
2020-12-01 14:32:37
Соонун ыр саптар го, окуган сайын жыргайсын, ийгилик эже чыгармачылыгынызга, озунузго ден-соолук!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан