Биз социалдык тармакта

Пандемияда медицина кызматкерлери жогорулатылган баада бет каптарды сатып алышкан

Өткөн жылы мамлекеттик чек аралардан кармалган медициналык бет каптардын бөлүгү дарыканаларга жана мамлекеттик мекемелерге төмөндөтүлгөн баада сатылган. Мындай маалыматты бүгүн, 22-январда пандемиянын кесепеттерин иликтөө ведомстволук комиссиясы билдирди.

Аталган комиссия жыйын өткөрүп, анда бир катар кемчиликтер тууралуу айтылды.

"Мамлекеттик чек аралардан алынган бет каптардын 30 пайызы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мекемелерине берилсе, дагы бир бөлүгү мамлекеттик мекемелерге сатылса, 6 пайызы ооруканаларга, "Тез жардам" борборлоруна бөлүнгөн. Медициналык бет каптарга дарыгерлер өздөрү муктаж болушкан. Кызматкерлер бет каптарды жогорулатылган баада дарыканалардан сатып алышкан", - деп айтылды жыйында.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан