Баткенде дээрлик 2 айдан бери дайынсыз болуп изделип жаткан Мактым Кожонованын сөөгү кечээ, 24-январда саат 15:00дө жерге берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына айылдаштары билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге укук коргоо органдары келип, жансыз денеге соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, андан кийин жаназасы окулуп жерге берилген.
Окуянын чоо-жайы:
Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын тургуну Мактым Кожонова 2020-жылдын 23-ноябрынан бери дайынсыз болуп жаткан. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Мактым Кожонова ошол күнү түн ичинде кызы менен дааратканага чыгып, кызын үйгө кире бер деп өзү ошол бойдон дайынсыз болуп жатканын маалымдаган.
2020-жылдын 25-ноябрь күнү издөө иштерин жүргүзүү максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен куткаруучулар, ИИМдин кызматкерлери, туугандары жана жергиликтүү тургундардан 200дөй адам тартылган.
Ал эми өткөн жылдын 27-ноябрында Мактым Кожонова 11-класста окуган кызын эрте турмушка берип койгону боюнча тергөөгө чакырылганын Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришкен.
Кийин SUPER.KG порталына Мактым Кожонованын Перизат аттуу кызы апасынын сырдуу жоголушу боюнча айтып, ойлоно берип ою, ыйлай берип көз жашы калбай деле калганын, туугандары Бишкекте дагы издеп жатканын билдирген болчу.
Бүгүн, 25-январда Баткен ОИИБи жансыз денеге экпертиза дайындалганын маалымдашты.