"Башкы дарыгер пандемия убагында иштеген эмес дегенге жооп берүү үчүн келдим" дейт Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан сырткары реаниматологу

Бүгүн, 25-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү коронавирус пандемиясы боюнча ведомстволук аралык комиссиянын корутундусу боюнча маалымат жыйын беришүүдө.

"Менде 18 койка бар болчу. Ал жерде жандандыруу бөлүмүндө оор абалдагы бейтаптар келип жатты. Азыркы учурда ведомстволук аралык комиссиянын корутундусуна макулмун. Бирок башкы дарыгер пандемия убагында иштеген эмес дегенге жооп берүү үчүн келдим. Пандемия азыр деле түшүнүксүз. Жандандыруу бөлүмүнө эң оор бейтаптар түшүп жатты. Реаниматолог кадр маселеси абдан курч. Ал жерде бир гана реаниматолог иштеп жатты. Айлык акысын айтсаң анын иштеген ишинин көлөмүнө туура келбейт. Учурда реаниматологдор азайып жатат. Алар Орусия, Казакстанга кетип жатат. Ал жакта айлык акысы, иштеген шарты жакшы. Ошондуктан алар кетип жатат. Бизде иштегендер көпчүлүгү улуу муундагы кадрлар. Коронавирус боюнча окуулар өткөн жок деген боюнча айтып кетейин. Онлайн окуулар ар дайым өтүп жатты. Биз март, апрель, май, июнь айларында иштеп жаттык. Онлайн конференция өтүп, ал жактан сүйлөшүп жаттык. 16 койка жандандыруу бөлүмүндө, дагы башка бейтаптарды кабыл алдык. Дарыгерлер катуу ооруп жатты, бирок иштедик. Кудайдын алдында ачыкмын. Кимдир бирөөлөр айтканынан коркпойм. Сентябрь, октябрь айларында кесиптештерим менен аймактарда жүрдүм.

Биз көптөн бейтаптарды сактап калдык. Каза болгон бейтаптардын жакындарына түшүнүп турам", - деди профессор, Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан сырткары реаниматолог Гүлжан Жүзүбалиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан