Нариман Түлеев Бишкек шаардык кеңешин шайлоого аттануу ниетин билдирди

Борбор калаанын мурдагы мэри Нариман Түлеев Бишкек шаардык кеңешин шайлоого аттануу ниетин билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Түлеев шайлоодо жеңишке жетсе, шаардын көйгөйлөрүн чечүүнү өз моюнуна аларын белгиледи.

"2008-жылы мен өзүмдүн белгилүү көз караштарым менен мэр болуп келгем. Бир жарым жыл ичинде көп нерсеге жетише алдык. Бирок шаарды сапаттуу өнүктүрүү маселесин жада калса чексиз бюджет болгон күндө да бир жарым жылда чечүүгө мүмкүн эмес. А биздин бюджет өтө жупуну эле. Биз белгилүү ийгиликтерге жете алдык, анткени бизде иштөөгө, системаны өзгөртүүгө болгон каалообуз бар эле. Буга шаардыктар күбө. Менде жана тилектештеримде ал каалоо азыр дагы бар.

Бишкектин тургундарын четте карап турбоого чакырам. Бир гана силер жана силердин добушуңар абалды жакшы жакка өзгөртө алат", - деп жазган Түлеев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kona8631
2021-01-25 22:17:17
Ушу тойбой койду
+1
faraon312
2021-01-25 22:35:20
Мэриянын майлуу жерлерин билгениң үчүн кайрадан жулкунуп атасың да. Топуракка эле тоёсуңар силер...
0
portugalia
2021-01-25 23:24:45
Эс алсын, ниетин менен жерге кир!
0
Muzik
2021-01-26 00:15:19
Жакшы иштейт бул бирок,жылыш болгон
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан