Жогорку Кеңештин депутаттары Дастанбек Жумабеков жана Бактыбек Турусбеков Ысык-Көлгө туристтик оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район куруу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Ага ылайык, эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, облустун аймагына чет жактан келген туристтер үчүн казино курууга уруксат берилет. Бул өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен бирге туризм тармагын өнүктүрүүгө салым кошору белгиленген.
Аталган мыйзам долбоору коомдук талкууга 25-январдан баштап коюлду.
Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна карата маалымкат-негиздеме:
"Ысык-Көл облусунун аймагындагы туристтик оюн-зоок кумар оюн комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын ушул долбоору өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүү, туристтик тармакты өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылуу үчүн экономикага инвестицияларды тартуу максатында иштелип чыкты.
Кыргызстандын ийгиликтүү экономикалык өсүп-өнүгүшү жана анын региондук, дүйнөлүк аренада позициясы өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрү канчалык ийгиликтүү мобилдештирилишинен жана колдонулушунан түздөн-түз көз каранды.
Белгилүү болгондой, 2012-жылдын 1-январында «Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы күчүнө кирген, ал эми 2015-жылы тотализаторлордун жана букмекердик конторалардын ишине тыюу салынган. Бул мыйзамды кабыл алууда мыйзам чыгаруучу кумар оюндарынан көз карандылыкка түшүп жаткан калктын аялуу катмарын коргоо үчүн жакшы ниеттерди жетекчиликке алган. Ошентип мамлекеттин бул саясатын эске алуу менен, мыйзам долбоору менен кумар оюн жайларына чет өлкөлүк жарандарды гана киргизүү каралып жатат.
Кумар оюнуна тыюу салуу мамлекеттик бюджеттин бир жылда 600 миллион сомдон ашык суммада түз жоготууларга жана 11 миңден ашык жумушчу орундарынын жабылышына алып келди.
Ошентип кумар оюн ишин мамлекеттик жөнгө салуу зарыл экендигине шек жаралбайт.
Оюн-зоок кумар оюн комплексин камтыган адистештирилген административдик районду түзүү боюнча инвестициялык долбоордун артыкчылыгы болуп мамлекеттин катаал жөнгө салуусу саналат. Мында оюн-зоок-кумар оюн комплексинин кызматтары жабык жана адистештирилген аймакта чет өлкөлүк жарандар үчүн гана көрсөтүлөт.
Мыйзам долбоорун кабыл алуу өзүнөн кийин терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.
Улуттук жана эл аралык мыйзамдардын колдонуудагы ченемдерине жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыктары боюнча «Оюн-зоок кумар оюн комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору жана “Кумар оюн иши маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору аларга каршы келбейт.
Ушуга байланыштуу инвестицияларды тартууга дем берүү жана республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында “Ысык-Көл облусунун аймагындагы туристтик оюн-зоок кумар оюн комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жана “Кумар оюн иши маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору кароого киргизилип жатат.
Бул мыйзам долбоорлорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча каржы чыгымдарына алып келбейт".
(текст кыскартылып берилди)