Садыр Жапаровду президенттик кызматка киришүүсү менен бир катар мамлекет лидерлери куттуктады

Садыр Жапаровду президенттик кызматка киришүүсү менен бир катар мамлекет лидерлери куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Садыр Жапаровду куттуктады. "Сиз президенттик кызматка кыйын мезгилде келип жатасыз. Кыргыз өлкөсүндөгү коронавирус пандемиясына байланыштуу оор жүк менен катар демократия жаңы чакырыктарга кабылып жатат", - деди ал.

Словакиянын президенти Зузана Чапутова: "Эл аралык кызматташтыгыбыз жана биримдигибиз бизге бул оор мезгилди жеңүүгө жардам берет деген ишеничтемин", - дейт.

Франциянын президенти Эмманюэль Макрон: "Франциядан каржылык жардам алган Бишкектеги Француз альянсы сиздердин өлкөдө француз тилин жана француз маданиятын жайылтуунун негизги куралы болуп саналат. Анын ишине кыргыз бийлиги узак мөөнөттүү колдоо көрсөтөөрүнө ишенем", - деди.

Ал эми Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы Антонио Гутерриш Садыр Жапаровдун реформаларды жасоого болгон умтулуусун кубаттай турганын билдирди. "Сиздин бүтүндөй калктын, алардын ичинде аялдардын, жаштардын жана бардык улуттардын өкүлдөрүнүн муктаждыктарына жооп берген жана үмүттөрүн актаган саясий, экономикалык жана социалдык реформаларды жасоого болгон умтулууңузду кубаттаймын", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jaz99
2021-01-29 19:23:15
Ото сонун кубанычтамын татыктуу
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан