Бүгүн, 29-январда вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге барды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Эльвира Сурабалдиева нөөмөттүк жана медициналык-санитардык бөлүктөрдү, атайын ашкананы, тергөө иштери жүрүп жаткан адамдар жаткан камераларды жана соттолгондордун турак жайларын кыдырган.
"Жарандардын жашоо-шарты өтө начар. Имаратты капиталдык оңдоп-түзөө иштери көптөн бери жүргүзүлбөй, инфраструктурасы эскирип, жараксыз абалга келип, айыпталуучу жарандарга жана иштеген кызматкерлерге кыйын болуп жатат. Камералардын абалы начар. СИЗО-1ге жаңы имарат куруу боюнча ишти бир нече этапта күчөтүү керек", - деген Сурабалдиева.
Мындан тышкары, вице-премьер Саламаттыкты сактоо министрлигине мекемени "Тез жардам" унаасы менен камсыз кылуу маселелерин чечүүнү, ошондой эле жазык-аткаруу тутумунун медициналык кызматкерлеринин квалификациясын акысыз негизде өркүндөтүүнү тапшырган.