Сооронбай Жээнбековдун жактоочусу: "Зилалиев өзүнүн соттук ишине саясий боёк кошууга аракет кылып жатат"

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча сотко чакырылышы тууралуу анын жактоочусу Жыргал Бабаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу үн катты.

Жактоочунун айтымында, Зилалиев өзүнө карата ачылган кылмыш ичине саясий боёк кошууга аракет кылып жатат.

"Ячейканы Зилалиев 2016-жылы июлда бир жылга ачкан. 2017-жылы июлда ячейканын мөөнөтү аяктап, аны улантуу же жабуу керек болгон. Эгер кардар өзүнүн ячейкадагы буюмуна келбесе, банк ячейканы жабат. Банк комиссия түзүп, ячейканы ачкан, ал видеого тартылган. 2 жумадан кийин Зилалиев ячейкадагы акчаны алып кеткен. Көрүнүп тургандай, ячейка Жээнбеков премьер кезинде эле түзүлгөн. Июнь айында банк ячейканы ачкан, Зилалиев эң эле кеч дегенде 2017-жылдын март айында банкка барган да. Анда Жээнбеков президенттикке талапкер боло элек болчу. Анан кантип бул ячейка президенттик кампанияга арналган болуп калат?

Зилалиев сотто көрсөтүлгөндөй көптөгөн кымбат баалуу офис имараттарды сатып алган, кымбат баалуу хан сарай салып жаткан. Кайдан акча деген суроо орундуу.

Зилалиевге 2017-жылдын 24-ноябрь күнү милиция кызматкерине бомба коюлду деп, жалган маалымат берген үчүн УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, көп узабай мыйзамсыз баюу боюнча кылмыш иши кошумча козголгон. Ушунча жыл өткөндөн кийин, жаңы бийлик түзүлүп, Жээнбеков экс-президент статусун алган учурда Зилалиев бул ишке саясий боёк бергенге аракет кылууда. Бул жалаа. Зилалиевдин өзүнө карата кылмыш ишине саясий боёк берүүгө болгон далалаты.

Экинчиден, Сооронбай Жээнбековдун бул ишке карата эч бир тиешеси жок, фигурант да эмес, күбө да эмес. Ошондуктан сотко барууга да милдеттүү эмес. Экс-президент деген статусун айтпаганда да сотко барууга эч бир жүйө жок. Ошондуктан биз расмий бидиребиз – Зилалиевдин банктан алынган акчалары Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүнө камдалып, анын өзүнө тапшырылган дегени - курулай жалаа, ишке саясий боёк берүүгө жасаган далалаты",- деп жазган Бабаев.

Сооронбай Жээнбековдун сотко чакырылганын буга чейин Зилалиевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирген.

Окуянын чоо-жайы:

Дүйшөнбек Зилалиевге карата "мыйзамсыз байыган" деген айып менен кылмыш иши козголуп, ал 7-декабрда кармалган. Ошол эле күнү сот аны 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. УКМК Зилалиевден декларациясына киргизилбеген 889 миң 900 доллар акча табылып, ал акча коммерциялык банктардын биринде 2018-жылдын сентябрына чейин сакталганын айтып чыккан.

УКМК тараткан видеодо банктагы ячейкалардын биринен Зилалиевдики делинип 889 миң 900 доллар алынып жаткандыгы көрсөтүлөт. Бул видео боюнча “Оптима банк” билдирүү жарыялаган. Аталган банк ал видео бир жыл мурун банктын кызматкерлери тарабынан тартылганын билдирген. Ячейканы ачууга кардардын ижара келишиминин мөөнөтү аяктагандыгы себеп болуп, акча жана аны ячейкадан чыгаруу учурунда тартылган видео ээсине өткөрүлүп берилгенин кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Samsung-
2021-01-29 21:15:28
Эч кандай саясий боёк эмес, соке али коп иштери учун жоопко тартылат, сокени турмо кутуп турат.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан