2007-жылы туулган Аяна Байгараева аттуу өспүрүм кыз эки күндөн бери изделүүдө. Бул тууралуу Коомдук коопсуздук кеңешинин баракчасында айтылат.
Маалыматка ылайык, Аяна 30-январь күнү саат 13:00 чамасында Новопавловка айылындагы Манас көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Кийген кийимдери: Ак жакалуу кара түстөгү кыска куртка, кызыл түстөгү жемпир, күңүрт жынсы жана кара түстөгү бут кийим.
Белгилери: Бою 150-155 сантиметр чамалуу, салмагы 50-55 килограм, чачы узун, кара түстө.
Эгерде, кимде-ким сүрөттөгү кыз тууралуу маалыматка ээ болсо, же көргөн билгендер болсо, төмөнкү номерлерге кабарлап коюңуздар: +996 755 074 720, +996 555 230 490.