"Тууган экенине карабай, жоопко тартылат!". Садыр Жапаров президенттин аппаратынын кызматкерлери менен кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-февралда, президенттин аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары менен кеңешме өткөрүп, жакынкы келечектеги негизги артыкчылыктуу багыттарды атады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлады.

Анда Садыр Жапаров, мамлекеттик бийлик органдарынын ишиндеги коррупцияны жоюу, бюрократиялык жана башка административдик процедураларды кыскартууга көңүл буруу зарыл экенин белгилеген.

"Президент аппараттын конкреттүү түзүмдүк бөлүктөрүнүн алдына коюлган бардык милдеттери өз маалында жана натыйжалуу аткарылышы керектигин өзгөчө белгиледи. Мамлекет башчысы алдыда мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу иши турганын, анын алкагында ашыкча жана бири-бирин кайталаган органдар оптимизацияланып, кадрларды тандоо алардын кесиптик чеберчилигинин негизинде гана жүргүзүлөрүн эске салды.

Президент Садыр Жапаров тууганчылык, досчулук жана башка байланыштарга карабастан, мыйзамды бузган, айрыкча коррупциялык иштерге аралашкан ким гана болбосун мыйзам чегинде жоопко тартыларын дагы бир жолу баса белгиледи. Буга байланыштуу мамлекет башчысы президенттик аппараттын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринен өз багыттары боюнча ачык-айкын жана натыйжалуу иш алып барууну талап кылды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан