Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин жактоочусу билдирүү таратып, Жумалиевдин туугандарын куугунтуктоону токтотуу керек экенини айткан. Ал ошондой эле депуттаттын кармалган туугандары үй камагына чыгарылганын да маалымдаган.
Бул билдирүүдөн кийин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев социалдык тармактагы жеке баракчасына билдирүү жазды. Анын маалыматына таянсак, Жапыкеев колдонуучулардан Жумалиевге тишелүү маселе тууралуу кеңеш сураган. Айтымында, Биринчи Май райондук соту Кубанычбек Жумалиевдин кармалган балдарын чыгарып жиберген, ал буга нааразы.
"Достор, барсынарбы? Бул жагы байкашымча, башкача кетип баратат, Финполду эл колдойт. Жумалиев 100 миллион сом жана инвестордун 800 миң долларын бир күндө коём. Балдарымды чыгарып бер дегенинен биз аз андан көбүрөк болсун деп болбой койсок, Биринчи Май райондук соту чыгарып салды. Бюджетке бир тыйын төлөгөн жок. Балдары камактан чыгып кетти. Достор, Финпол жеңилип калабызбы, кандай кылалык, оюңарды жазгылачы?", - деп суроо салган Жапыкеев.