Биз социалдык тармакта

Ошто эки көчөдө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет

Ош шаарында жол оңдоо иштерине байланыштуу эки көчөнүн айрым тилкелери убактылуу жабылат. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Маалыматка караганда, 19-ноябрдан тарта Мамыров көчөсүнүн Абдувалиев көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейинки бөлүгү эки күнгө, таңкы саат 05:00дөн баштап жабылат. Бул тилкеде асфальттын экинчи катмары төшөлөт. Айдоочуларга Абдувалиев жана Атабаев көчөлөрү аркылуу өтүү сунушталат.

Мындан тышкары, Аматов көчөсүнүн Курманжан датка көчөсүнөн Алымбек датка көчөсүнө чейинки болжол менен 200 метрлик бөлүгү бир жумага жабылары айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан