Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда 2,3 миллион тоннадан ашык дан эгини жыйналды

Кыргызстанда 2026-жылдын түшүмүн жыйноо иштери аяктады. Республика боюнча 617,7 миң гектар жерден 2 миллион 386 миң тонна дан эгини жыйналды. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Айыл чарба министрлиги билдирди.

Анын ичинен 742,5 миң тонна буудай, 644,6 миң тонна арпа, 896 миң тонна жүгөрү жана 81,9 миң тонна чанактуу өсүмдүктөр алынган.

Ошондой эле 1080,5 миң тонна картошка, 967,1 миң тонна жашылча жана 245,3 миң тонна бакча өсүмдүктөрү жыйналды.

Кант кызылчасынан 504 миң тонна түшүм алынса, пахта, май өсүмдүктөрү жана тамеки жыйноо иштери да толук аяктады.

Ал эми күздүк себүү иштери уланууда. Учурда 200 миң гектардык пландын 75,45 миң гектарына же 37,7 пайызына эгин себилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан