
Бүгүн, 19-ноябрда саат 09:00дөн 15:00гө чейин Бишкек шаарынын Жал-23 кичи районунда ысык суу жана жылуулук берүү убактылуу токтотулат.
Мэриядан маалымдашкандай, мындай чектөө №72 мектептин кошумча корпусун борборлоштурулган жылуулук менен камсыздоо тутумуна кошууга байланыштуу жүргүзүлүүдө. Тийиштүү иштер аяктагандан кийин ысык суу жана жылуулук берүү кайра калыбына келтирилет.
Өчүрүлүүчү даректер: Жал-23 кичи районундагы үйлөр: №35, 33, 31, 28/1, 28, 29, 26, 25, 24, 23, 23/1, 22, 21, 20.