Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө кулжалар айылга чейин түшүп келүүдө (видео)

Ысык-Көлдөгү жаратылыш коруктарынын биринде кулжалардын адамдар жашаган аймактарга жакындап келгени байкалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Жаратылыш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, токой кызматкери суунун жээгинде жүргөн ири кулжаны видеого тартып алган. Адамды байкаган жаныбар тоо тарапка качып кеткен.

Дагы бир кулжа токойчунун үйүнүн жанына келип, үй жаныбарларынын арасында жүргөн.

Маалыматка ылайык, акыркы жылдары аркар-кулжалардын саны табигый жол менен көбөйүүдө. Бул жапайы жаныбарларды коргоо жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоо иштеринин натыйжасы катары белгиленүүдө.

Ысык-Көлдө кулжалар коркпой адамдар жашаган аймактарга чейин келүүдө (видео)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан