Депутат Ирина Карамушкина Абдил Сегизбаев менен Курсан Асановдун кармалганы боюнча пикирин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Өлкөдө жаңы бийлик орнотулду. Көпчүлүк жарандар көп нерсени күтүп жатышат. Бирок президенттикке талапкерлигин койгон атаандаштары Абдил Сегизбаев менен Курсан Асановдун камалышы саясий куугунтук уланып жатканын билдирет деп ойлойм. Эмнеге дагы деле Фарид Ниязов камакта отурат? Кечээ Абдил Сегизбаевдин штабында иштегендер сурак берди. Муну басым деп айтса болот. Мурунку бийликтин катасын кайталабоого чакырам", - деди ал.