Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов депутаттардын бийликти сындаганы боюнча жооп кайтарды. Бул тууралуу пикирин ал бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Азыр ушул залда 3 депутат кайрылды. Президенттин, өкмөттүн өкүлүнө кайрылгандан кийин аларды дагы угуш керек. Ирина Карамушкина азыркы бийлик, УКМК басым кылып жатканын билдирди. Абдил Сегизбаевди мыйзамсыз камакка алды деп айтты. Кантип бир документти көрбөй минтип айтат.
Мына Дастан Бекешев Курсан Асановду үй камагына чыгарып койгула деп жатат. Сотторго буйрук бергенге эч кимибиздин акыбыз жок да. Бизди президент инаугурациядан кийин чогултуп, таза иштегенге чакырды. Ким мыйзамды бузса ал түрмөгө жөнөтүлөт деп айтты. Бардык чечимдер мыйзамдын негизинде жүргүзүлөт", - деди ал.
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев, Ирина Карамушкина бийликти сындады.