Саясат таануучу Бакыт Бакетаев: "Премьер-министрдин иш-аракети толук президенттен көз каранды болот деп ойлойм" АПТАСОБОЛ

Кечээ, 3-февралда Жогорку Кеңеш Улукбек Марипов баштаган өкмөттүн жаңы курамын жактырды. Президент Садыр Жапаров тийиштүү жарлыкка кол койду. Ошол эле күнү алар парламентте ант беришип, кызматка киришти. Мурда 22 өкмөт мүчөсү болсо, азыр 16 болду. Коомчулукта өкмөттүн курамы кыскартылып, министрликтер, мекемелер бириккени талкуу жаратууда.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Өлкөдөгү абалды жакшыртууга өкмөттүк түзүлүштүн кардиналдуу өзгөрүшү өбөлгө боло алабы?" деген собол салды.

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев өкмөттүк түзүлүштүн кардиналдуу өзгөрүшүн жакшы жакка жоруду.

"Буга чейин эскирген өкмөттүк түзүлүш менен жашап келдик. Тактап айтканда буга чейинки түзүлүш социализм дооруна туура келмек, СССРдин тушунда эффективдүү иштемек. Бирок, базар экономикасына бул структура туура келбейт. Коррупционерлерди, жегичтерди көбөйтөт. Ошондуктан жаңы өкмөттүн структурасы абдан жакшы түзүм болду деп айта алам. Бир эле министрликтерди кыскартуудан миллиондогон каражаттар үнөмдөлөт. Кемчилиги - бийлик бир адамдын колуна топтолуп калды. Жоопкерчиликти бир гана президент өзүнүн башына үйүп алды. Улукбек Марипов жогорку жактагылардын тапшырмасын кынтыксыз аткарган адис катары белгилүү. Ошондуктан премьер-министрдин иш-аракети толук президенттен көз каранды болот деп ойлойм", - деди Бакетаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан