Биздин "Фотоальбом" рубрикабыздын бул жолку каарманы өзүнүн курч сөздөрү, сындары, постторундагы "ыйолкиники" деген сөзү менен айырмаланган медиа эксперт Илим Карыпбеков болмокчу.
Илим Карыпбеков 1979-жылы 13-августта төрөлгөн.
Бала чагындагы баян Илим Карыпбековдун айтуусунда:
- 1992-жылдын 31-декабры. Чоң атам, чоң апам үчөөбүз бирге жашайбыз. Өлкө эгемендүүлүгүнүн татаал алгачкы жылдары. Кечинде саат 21:00дө үчөөбүздүн адаттагыдай эле кечки тамактануубуз. Атам өзүнүн ою менен, апам да унчукпайт. Столдун үстүндө куурулган картошка, чай, нан турат. Башка эч нерсе. Мен 12 жаштамын. Мен дагы отурам, тамактанып жатып апам көчөгө чыгууга уруксат берет деп ойлойм, анткени бүгүн Жаңы жыл. Көчөдө досторум болот, кошуналардын балдары түнгө чейин сейилдөөгө чыгышат. Мен мунун баарын көргүм келет. Бирок мен апамдын маанайы жок экенин сезем, ал бир нерсеге тынчсызданып жатат, себебин билбейм, балким, коё бербейт. Баары бир кечки тамактын аягында мен сыртка чыга аламбы деп сурадым. Мен болжогондой, апамдын маанайы жок болчу, мени урушту, "кайдагы Жаңы жыл, түн ортосунда көчөдө бок бар бекен, отур темселебей" деп бүттү.
Мен апам менен атамдын ортосунда жаттым, башымды жаап алып акырын ыйладым. Таарынычым муунтуп уктап калдым. Бир аздан кийин апам мени ойготту. Ал көзү менен көчөгө чакырды. Кийинип чыгып кеттим. Короодо башына чүпөрөк менен оролгон 7 таяк турат, керосинге малынган. Ал аларды күйгүзүп, дуба окуп, "Алас, алас, ар балээден калас" деп ырым-жырымын аткарды, Жаңы жылда өлкөгө, элге бакубатчылык сурап, өзгөчө рухтардан, улуу Теңир Ата, Умай Энеден мага кам көр жана өмүрүн сакта деп суранды. Апам Жаңы жылым менен куттуктады. 1993-жылдын 1-январына караган түнү саат 00:15 болчу.
Ошентип Жаңы жылды адаттан тыш тосуп алдым. Мындай кайра кайталанган жок. Апа, Теңир Ата менен Умай Энеге сиздин үнүңүз жетти. Алар дагы эле мени сактап, коргоп, жашоодо мага жардам берип жатышат, апа.
Илим мырза орто мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин укук факультетин артыкчылык менен бүтүргөн. 2007-жылы Варшавадагы (Польша) адам укуктары боюнча жогорку эл аралык мектепти аяктаган.