АПТАСОБОЛ: Өлкөдөгү абалды жакшыртууга өкмөттүк түзүлүштүн кардиналдуу өзгөрүшү өбөлгө боло алабы?

3-февралда Жогорку Кеңеш Улукбек Марипов баштаган өкмөттүн жаңы курамын жактырды. Президент Садыр Жапаров тийиштүү жарлыкка кол койду. Ошол эле күнү алар парламентте ант беришип, кызматка киришти. Мурда 22 өкмөт мүчөсү болсо, азыр 16 болду. Коомчулукта өкмөттүн курамы кыскартылып, министрликтер, мекемелер бириккени талкуу жаратууда.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Өлкөдөгү абалды жакшыртууга өкмөттүк түзүлүштүн кардиналдуу өзгөрүшү өбөлгө боло алабы?" деген собол салды.

Саясат таануучу Сейтек Качкынбаев: "УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы, Финпол, Монополияга каршы күрөшүү кызматы сыяктуу мекемелер жоюлса жакшы болмок"

Саясат таануучу Сейтек Качкынбаевдин айтымында, азырынча өкмөттүн курамы кыскарды деп айтууга болбойт.

"Жаңы өкмөттүн структурасында мекемелердин саны аз болгону көрсөтүлүп жатат. Бирок биргелешүү болуп жатабы же кыскартуу болуп жатабы азырынча түшүнүксүз. Себеби министрлик, агенттик сыяктуу мекемелерде 12 миң кызматкер иштейт. Ошолор кеминде 4 миңге азайса, анда чындап эле кыскартуу болуптур деп түшүнөбүз. Мисалы, азыр кээ бир агенттиктер аты өзгөрүп, кайсы бир министрликтин департаменти болуп калганы менен кызматкерлеринин саны мурдагыдай бойдон калып калышы мүмкүн. Андай учурду биз кыскартуу эмес, биргелешүү деп айтабыз. Ошондуктан азыр бир пикирди айтуу кыйын. Негизи бири-бирин кайталаган органдар, мисалы, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы, Финпол, Монополияга каршы күрөшүү кызматы сыяктуу мекемелер жоюлса жакшы болмок", - деди Качкынбаев.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев өкмөттүн жаңы курамы боюнча: "Таң каларлык дайындоолор болду"

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев өкмөт 100 күндүн ичинде эмне кылып жиберерин эч ким билбейт деген пикирде.

"Садыр Жапаров өлкөнүн келечеги, анын өнүгүү жолдору, кадр саясаты жөнүндө түрмөдө жатканда айтып берген. Түрмөдөн чыккандан кийин ал жакта айткан сөздөрүн кайталап, бийликке таза адамдар ишке келет деп айткан. Бирок бүгүнкү күндө өкмөттүн курамы бекиди, эми коомчулук нааразы болуп жатат. Алар кылмыш кылгандар, пара алгандар бар деп айтышууда. Демек, алар президенттин айткан сөзү ишке ашпай калгандыгын көрүп таң калып жатышат. Президенттин дагы үстүндө таасир этчү адамдар бар болгондуктан алардын сөзү менен жанагы адамдар ишке келип жатат. Садыр Жапаров саясий душманчылыкка жана ар бир сын айткандарга каршы иш кылбайм деп айткан. Биз биригип иштейли деп айткан. Иш жүзүнө келгенде таң каларлык дайындоолор болуп жатат. Улукбек Марипов премьер-министр болуп келди. Эсептөө палатасы менен мамлекетти башкаруу деген өтө чоң нерсе.

Өкмөт 100 күндүн ичинде эмне кылып жиберерин эч ким билбейт. Бирок эл бүгүнкү күндө чыдамсыздык менен жакшылыкты күтүп отурат", - деди Какчекеев.

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев: "Премьер-министрдин иш-аракети толук президенттен көз каранды болот деп ойлойм"

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев өкмөттүк түзүлүштүн кардиналдуу өзгөрүшүн жакшы жакка жоруду.

"Буга чейин эскирген өкмөттүк түзүлүш менен жашап келдик. Тактап айтканда, буга чейинки түзүлүш социализм дооруна туура келмек, СССРдин тушунда эффективдүү иштемек. Бирок базар экономикасына бул структура туура келбейт. Коррупционерлерди, жегичтерди көбөйтөт. Ошондуктан жаңы өкмөттүн структурасы абдан жакшы түзүм болду деп айта алам. Бир эле министрликтерди кыскартуудан миллиондогон каражаттар үнөмдөлөт. Кемчилиги - бийлик бир адамдын колуна топтолуп калды. Жоопкерчиликти бир гана президент өзүнүн башына үйүп алды. Улукбек Марипов жогорку жактагылардын тапшырмасын кынтыксыз аткарган адис катары белгилүү. Ошондуктан премьер-министрдин иш-аракети толук президенттен көз каранды болот деп ойлойм", - деди Бакетаев.

Саясий ишмер Темирбек Асанбеков: "Чечимдер президент тараптан катуу көзөмөлгө алынса, сөзсүз түрдө кардиналдуу өзгөрүүлөр экени иш жүзүндө далилденет"

Саясий ишмер Темирбек Асанбеков мамлекеттик бийлик институттарынын сапатын жогорулатууга алгачкы кадамдар ташталганын айтты.

"Азыркы аткаруу өкмөттүн курамы Садыр Жапаровдун мамлекетибиздеги бийлик институттарыбыздын сапатын жогорулатууга болгон алгачкы кадамдары. Албетте, бул убактылуу саясий келишимдерге байланыштуу чечимдер, келечекте дагы кадр тандоонун , аймактык реформаларда терең өзгөрүүлөр болорун күтсөк болот. Саясий эрк көрсөтүлүп, жогорку бийлик бутактарында кабыл алынып жаткан чечимдер президент тараптан катуу көзөмөлгө алынса, сөзсүз түрдө кардиналдуу өзгөрүүлөр экени иш жүзүндө далилденет", - дейт ал.

Жарандык активист Адил Турдукулов өкмөттүн жаңы курамы боюнча: "Жыйынтыктар кандай болорун бир жылдан кийин көрөбүз"

Жарандык активист Адил Турдукулов жыйынтыктар кандай болору бир жылдан кийин белгилүү болорун айтты. "Министрликтердин, мамлекеттик агенттиктердин саны кыскарганы менен, ал жерде иштеген мамлекеттик кызматкерлердин саны кыскарса жана ошону менен эффективдүүлүгү жогоруласа ошондо биз чыныгы реформа болду деп айтууга болот. Эгерде бир гана министрликтер азайып, мамлекеттик кызматкерлер азайбаса, анда реформа болду деп айтуу оор. Менин оюмча, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин саны кыскарбайт. Анткени ошол азыркы бийликке социалдык база болуп бере алат. Бийликти адатта колдоп келген мамлекеттик кызматкерлер болот. Сапаттуулугу жогорулайбы же жокпу бул чоң маселе. Бирок Садыр Жапаров аткаруу бийлигине өзү жоопкерчилик алып жатат. Бул жакшы көрүнүш. Мурунку президенттер премьер-министрлерге шылтай беришчү. Ал эми жыйынтыктар кандай болорун бир жылдан кийин көрөбүз. Азыр айтуу кыйын", - деди ал.

Экс-депутат Каныбек Осмоналиев: "Эл каалабаган адамдар өкмөткө келип калышты"

Экс-депутат Каныбек Осмоналиевдин айтымында, эл күтпөгөн, эл каалабаган адамдар өкмөткө келип калышты.

"Эгерде эл апрелде жаңы Конституцияны кабыл алса, анда таптакыр башкача абал болот. Анткени жаңы Конституцияга ылайык, Садыр Жапаров өлкөнүн гана эмес, өкмөттүн да башчысы болуп калат. Азыр болсо эл күтпөгөн, эл каалабаган адамдар өкмөткө келип калышты. Албетте, кыскаруулар болду, бирок алар функционалдык анализи жок, механикалык түрдө болуп калгандай сезилип жатат. Жаңы өкмөт өзүнүн моюнуна тагылган жүктүн баарын көтөрүп кете алабы? Кептин баары ушунда. Бирок бир абдан жакшы кадам ташталды. Ал 50гө жакын агенттик, комитет жана башка ушул сыяктуу мамлекеттик мекемелер 12 министрликтин алдына топтолду. Бул абдан туура кадам болду деп ойлойм. Эми ушуну алып кете алса Улукбек Мариповго ыраазычылык билдиришибиз керек. Бирок алып кете алат деп ойлобойм. Анткени коррупциялык схемелардын баары Марипов Эсептөө палатасынын төрагасы болуп турганда аткарылганын көрүп жатабыз. Ага каршы болгондордун көпчүлүгү карапайым эл болуп, аны мурдагы бийликтин өкүлү катары кабыл алып жатышпайбы. Менимче жаңы өкмөткө абдан кыйын болот", - деди Осмоналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан