Искандер Гайпкулов президенттин аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Буга чейин аталган кызматты Данияр Иманалиев ээлеп келген. Ал башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу ордунан бошотулду.
Искандер Гайпкулов 2017-жылдан бери "Ата Мекен" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп келген.