Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов бүгүн, 9-февралда СИЗО-1ден УКМКнын СИЗОсуна которулат. Бул тууралуу жактоочу Чынара Жакыпбекова билдирди.
Анын айтымында, прокурор өтүнүч келтирген аны сот канааттандырган.
Курсан Асанов 21-мартка чейин СИЗО-1ге киргизилген. Курсан Асанов баш аламандык учурунда ИИМдин имаратын басып алган деп айтыпалууда. Ал 26-январда кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына жеткирилген. Асановдун жактоочусу буга чейин "Бул саясий негиздеги иш. Курсан Асанов Ички иштер министрлигинин имаратына ошол кездеги Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басары болуп турган Өмүрбек Суваналиевдин көрсөтмөсү менен келген. Департаменттин жетекчилиги жеринде болгон эмес. Ал талап-тоноолордун алдын алуу максатында жүргөн жана ал абалды тартипке келтирди. Рахмат дегендин ордуна аны кармашканы акыйкатсыз болду. Курсан Асанов эч нерсеге кол койгон эмес, кадр маселесин да чечкен эмес”, - деген Айткулов.
2020-жылдын 13-август күнү Курсан Асанов "милициянын кызыкчылыгын сатты" деген жүйө менен министрдин орун басары кызматынан бошотулган. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы министр Кашкар Жунушалиев Атамбаевди кармоо учурунда аны менен жалпысынан 3 жолу сүйлөшүү жүргүзгөнүн, министр макул кылдырган соң гана ал ишке Курсан Асанов аралашканы тууралуу маалымат тараткан.
Башкы прокуратура Курсан Асановдун иши боюнча кызматтык иликтөөнүн материалдары менен таанышып чыгып, ал материалдардын негизинде "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши ачылган.