Биз социалдык тармакта

"Жөө келдим". Бишкек мэриясынын астына мэр болууга татыктуумун деген адам келди

Бүгүн, 9-февралда Бишкек шаарынын мэри болуп Эрмек Нургазиев дайындалганы кабарланган. Бирок арадан 4 саат өтпөй анын мэрлик кызматтан кеткени желдей тарап, президент Садыр Жапаров дагы Нургазиевдин мэр болушу жөнүндө оюнан кайтканы соцтармактагы баракчасына жарыяланды.

Ал эми Бишкек мэриясынын астына мэр болууга татыктуумун деген Анарбек Катаганов мэриянын алдынан түз эфирге чыкты.

"Мен кечээ эле шаарды кантип өнүктүрөбүз деген оюмду өзүмдүн социалдык тармактагы баракчама жазгам. Бүгүн Балбак Түлөбаев кызматынан кетти. Менин бир топ долбоорлорум бар. Ал эң арзан долбоорлор. Эмнегедир мэрия долбоорлорумду кабыл албай жатат. Мен мэр болуп келсем ачык айтып коёюн жол кире көтөрүлөт. Бирок маршруттук таксилерге көзөмөл күчөтүлүп, алардын санын көбөйтөбүз", - деди ал.

Мындан тышкары ал мэрияга чейин жөө келгенин айтып, мэр болууга талапкерлер менен дебатка чыгууга даяр экенин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Belek1710
2021-02-09 16:27:01
Жөө, атчан, эшекчен келип алып эле боло бере турган болуп калдыбы
+9
bessmertiy
2021-02-09 17:09:45
Жөө келип мэр болсо кетерде лексус айдап кетеби
+7
nazgul1905
2021-02-09 17:12:36
Арстан Алайдын тууганы эмеспи??? Сенин жоо келгенин азыр эч кимди кызыктырбайт,эл ишенбей калды,шумдук болуп кетти го элимде!!!
+3
bond0202
2021-02-09 17:28:20
Жиндилердин заманы башталдыбы
+4
bond02
2021-02-09 17:39:58
Мен троллейбус менен барып аким болуп алсам окшойт.
+5
Omyke
2021-02-09 19:04:29
Жөн!!! деген жакшы сөз болот)
+1
Aiymkunumjyldyzym
2021-02-09 19:31:16
Негизи кызыктай эле ойлонуп калдык ээ?Бир кыргыз журот тиги жакта кызымды Стамбул деп коём жарандык бергиле деп.Бир кыргыз болсо жоо келдим мэр болом деп.Садаган кетейин жоо эмес Кыргызстандын берки бурчунан жормолоп келсен дагы мэр болуш оной эмес.Барып Балбак байкенден сурасан кандай экен,мен жоо келдим мэр болуп иштесем болчудайбы деп.
+1
Jelezo
2021-02-09 20:00:48
Кичинекей чемодан болуш керек мэр болуш үчүн Балбак чемоданы жок кайра кетти өз каалоом менен деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан