Балбак Түлөбаев кызматтан кетти. Анын ордуна келген Эрмек Нургазиев күн өтпөй кызматтан кеткени айтылууда. Күн ичинде орун алган саясий окуялардын топтому бир шилтемеде

Бүгүн, 9-февраль, күнгө шейшемби. Саясий окуялардан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. SUPER.KG порталы күн ичинде орун алган "туздуу" саясий окуялардын топтомун сунуш кылат.
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кызматтан кетти.

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кызматтан кетти. Ал өз арызынын негизинде кызматтан кеткен.

Ошондой эле ага президенттин иштери боюнча менеджери кызматы сунушталганы да маалымдалды.

"Менин кандай кызматка барарым эмес, өлкөнүн бүтүндүгү маанилүү. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка барбай деле өкмөткө, элге жардам берсе болот. Түрктөр эмне үчүн өсүп, өнүгүп келе жатат. Алар өлүп баратса да өлкө аман болсун деп өлүшөт экен, мен ошол сөзү үчүн түрктөрдү сыйлайм. Биз дагы өлкөм аман болсун дешибиз керек. Балбак Түлөбаевдин кызматка баруусу, кызматта калуусу маанилүү эмес. Менин артымдан изилдөөчүлөргө бир нерсени баса белгилеп айтып коёюн, 3 жыл иштеп бир чарчы метр жер алган жокмун, бир күркө же компания ачып, бир дагы курулуш жасаган жокмун. Текшерсеңер чыгат. Мен шаардыктар үчүн иштедим", - дейт ал.
Жаңы мэрдин милдетин аткаруучу күн өтпөй кызматтан кеткени айтылууда

Жаңы дайындалган калаа башчысынын милдетин аткаруучу Эрмек Нургазиев кызматтан алынганы айтылууда.

Бул боюнча президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Албетте, таза, жаш, идеялуу кадрлар көп. Маектеше келсең жүзү жарык, иштемчил көрүнөт. Мурда-кийин бийликте иштебеген, коррупциялык иштерге аралашпаган деп тандаган кадрлардын артында да хулигандык, мүлк талаш иштери бар экен. Ошондуктан шаардын мэрлигине коюуга мүмкүн эмес", - деп жазып калтырган.

Бул маалыматты тактоо максатында шаардык мэриянын басма сөз кызматына байланышканыбызда маалымат такталып жатканын айтты. Садыр Жапаров Эрмек Нургазиевди Бишкектин мэри кызматына коюу оюнан кайтканы боюнча президенттик аппарат тастыктай элек.

БШК Текебаевдин мандаты боюнча Жогорку Сотко кайрылды

Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаевдин мандаты боюнча Жогорку Сотко кайрылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган комиссиянын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, БШК Жогорку Сотко кайрылганына бир жума болуп калды. "Эгерде Жогорку Сот биринчи, экинчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырса Өмүрбек Текебаев мандатынан ажыратылат", - деди ал.

Акын Темирлан Ормуков БШКнын Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтарып берүү чечимин жокко чыгаруу үчүн административдик сотко кайрылган. 23-ноябрда административдик сот Текебаевдин мандатын кайтарып берүү боюнча БШКнын токтомун жокко чыгарган. Бишкек шаардык соту административдик соттун чечимин күчүндө калтырган.

Конституциянын жаңы долбоору жарыяланды

Жогорку Кеңештин сайтына Конституциянын жаңы долбоору илинди.

Маалымат боюнча, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун 2020-жылдын 20-ноябрындагы жарлыгына ылайык түзүлгөн конституциялык кеңешме Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленип, 2020-жылдын 17-ноябрында коомдук талкууга чыгарылган Конституциясынын жаңы долбоорун карап, талкуулоодон кийин кайра демилгечилердин кароосуна жөнөттү. Ага ылайык, кеңешменин сунуштары эске алынып, иштелип чыккан Конституциянын долбоору расмий сайтка мурда коюлган долбоор менен алмаштырылды.

17-ноябрда Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун коомдук талкууга коюп, 20-ноябрда конституциялык кеңешме түзүлгөн болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан