Мас абалында унаа башкарган Бишкектеги №146 маршруттук каттамдын айдоочусунун унаасы айып короосуна токтотулду. Маалыматты SUPER.KG порталына патрулдук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, маршруттук каттамдын айдоочусунун унаасы айып короосуна токтотулуп, мас абалда унаа башкаргандыгы үчүн 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынган.
Ал эми мэриянын алдындагы транспорт башкармалыгы аталган окуя боюнча саат 11:00дө маршруттук каттамдын жетекчилери менен жолугушуу болорун билдиришти.
Буга чейин социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы №146 маршруттук каттамдын айдоочусу мас абалында унаа башкарып, жол кырсыгына кабылган видео тараган.