Алмамбет Шыкмаматов Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.
Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка премьер-министр Улукбек Марипов бүгүн, 11-февралда кол койду.
Буга чейин Шыкмаматов аталган кызматка барары жазылган.
Алмамбет Шыкмаматов "Ата Мекен" фракциясынын лидери болуп келип, 2019-жылдын соңунда мандатын тапшырган.
Алмамбет Шыкмаматов 1969-жылы 21-октябрда Фрунзе шаарында туулган. Ал 1995-жылы Бишкек гуманитардык университетинин орус тили жана адабияты факультетин бүтүргөн. 2003-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бүтүрүп, юридикалык билимге ээ болгон. 2013-жылы Орусиянын президентинин алдындагы эл чарбачылыгы жана мамлекеттик кызмат боюнча академиясын "мамлекеттик кызмат жана кадр саясаты" адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолун 1999-жылы Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда сот аткаруучу кызматынан баштаган.
2002-жылы өкмөттүн алдындагы Жерди жана кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча башкы башкармалыгынын жерге жайгаштыруу боюнча бөлүмүнө башкы адис болуп иштеген.
2003-2004-жылдары Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда иштеген.
2004-жылы Жогорку Соттун аппаратынын жарандык иштер боюнча бөлүмүнө улук консультант кызматына которулган.
2005-2007-жылдары Жогорку Кеңештин спикеринин жардамчысы болуп иштеген.
2010-жылы өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагалыгына дайындалган.
2011-жылдын мартынан 2011-жылдын декабрына чейин Эсептөө палатасынын аудитору болуп иштеген.
2011-жылдын декабрынан 2015-жылдын февралына чейин юстиция министри кызматын ээлеген.
2015-жылы "Ата Мекен" партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
2017-2019-жылдары "Ата Мекен" фракциясынын лидери болгон.