Камчыбек Ташиевге операция жасалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге бүгүн, 12-февралда жүрөгүнө операция жасалды. Бул тууралуу анын жакын санаалаштары социалдык тармактагы баракчасына жазуу менен билдиришүүдө.

Маалыматка ылайык, операция Ташиевге Германияда ийгиликтүү жасалган.

Камчыбек Ташиев буга чейин Германияга учуп кеткени маалымдалган.

Ал социалдык тармактагы баракчасына башкы кардиохирург Калдарбек Абдраманов ага чет өлкөдө дарыланып келүүсүн сунуштаганын билдирген . Мындан улам Ташиев ден соолугуна байланыштуу 6-февралда өргүүгө чыккан.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан