"Спикер бойдон калсам моралдык жактан туура эмес болуп калмак", - деп SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунда депутат Дастанбек Жумабеков билдирди.
"6-октябрда жакын кесиптеш депутаттар "Достук" мейманканасында эл өкүлдөрү чогулуп жатат деп айтышты. Ал жерде Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана башка саясатчылар бар экен. Депутаттар чогулуп жыйын өткөрөт деп айтышты, мен төрага катары барышым керек болуп калды. Сүйлөшүүлөр болду. Шайлоонун жыйынтыгына эл нааразы болуп бийлик алмашты. Төрагалык 3 жыл вазийпамды аткардым. Ошол бийликтин төрагасы болуп калдым. Андан кийин дагы төрага болуу моралдык жактан туура эмес болмок. Ошол жерден кеңеш өткөрүп Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров менен сүйлөшүп өзүмдүн ыктыярым менен төрагалыкты тапшырып бергенди туура көрдүм", - деди ал.