SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Алмамбет Шыкмаматов болду.
"Кызматка бара турган болсом, Нарынга өкүл болбой эле кызмат сурамакмын. Мамилебиз жакшы, мурун дагы жакшы болчу. Дайым пикирлеш болуп келгенбиз. Кызматка бара турган болсом Тилек Токтогазиев, Руслан Казакбаев, Эльвира Сурабалдиевадай болуп кызматка бармакмын.
Бул кызматты сунуштаганда дароо макул болдум. Инвестиция тармагы аксады, салмактуу саясий позициясы бар, эч кимге көз каранды болбогон адам керек деп айтты. Мен макул болдум", - деди Шыкмаматов.