Дамирбек Асылбек уулу Казакстандан кармалганы боюнча: "Мен баңгизат менен алектенген эмесмин"

SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу болду. Экс-депутаттын камактан чыккандан кийинки биринчи маеги болгондуктан ал алгач эле 2018-жылы Казакстандан кармалганы боюнча айтып берди.

"Көп нерсенин чындыгы убакыт өткөндө билинет эмеспи. Биз саясаттын ортосундагы жем болуп калдык. Мен баңгизат менен дагы, товар алмашуу менен дагы алектенбейм. Транслогистика менен дагы алектенген эмесмин. Кармалганда 4 ай жаттык. Сурак дагы болгон жок.

Бизди Казакстандын УКМКсы кармады да. 4 айдан кийин алар алып чыгып, "биз билесиз, бул мамлекеттер аралык кызыкчылык" колубуздан келген жардам силер моюнга алгыла. 3 күндө өлкөгө экстрадиция кылып беребиз" дешти.

Бирок биз ак болгондуктан болгон далилдер менен далилдедик. Бирок 1 жыл 8 ай отурдук. Берген жылдары дагы чоң болду. Жыйынтык биз күткөндөй болбой калды.

Адам деген өзү үмүт менен жашайт экен да. Биз чон атайын операциянын курмандыгы болуп калдык", - деди Дамирбек Асылбек уулу.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан