Искендер Гайпкуловдун мандаты Шайлообек Атазовго берилет

Экс-депутат Искендер Гайпкуловдун мандатын Шайлообек Атазов ала алат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

"2015-жылы Шайлообек Атазовдун тизмеси "Ата-Мекен" партиясында болчу, ал ошол жылы ушул партия менен шайлоого барган. Азыр кийинки талапкердин тизмеси Атазовго жеткендиктен, Гайпкуловдун мандаты ага берилет",- деди Бекматов.

Шайлообек Атазов 41 жашта. Ал "ЕРЕМ" спорт клубунун аткаруучу директору. Ошондой эле ал "Күч биримдиги" саясий кыймылынын лидери.

2020-жылдын 4-октябрындагы жыйынтыгы жараксыз деп табылган парламенттик шайлоого чейин Шайлообек Атазов "Мекеним Кыргызстан" партиясынын курамында депутаттыкка талапкер болгон.

Эске салсак, буга чейин Искандер Гайпкулов президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалганы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан