“Биз Аксы районунун Ак-Жол айыл өкмөтүнүн тургундары академик, Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев туура эмес чечим менен камакка алынды деп эсептейбиз” деген жарандар билдирүүсүн бийлик өкүлдөрүнө жолдоо максатында чогулушкан. Айтымдарында, Жумалиевди камоо чечими алардын нааразычылыгын жараткан.
Бул чечим Жогорку Кеңеш, башка укук коргоо органдарынын бардыгы менен кеңешпестен кабыл алынган деп эсептешет алат.
“Ушул кайрылуубуз урматтуу биздин президентибиз Жапаров Садыр Нургожоевичтин, Мамытов Талант Турдумаматовичтин жана Жумалиев менен мурда чогуу иштеген башка депутаттардын, кесиптештеринин көңүлүн бурат деген ойдобуз. Европанын, жакынкы мамлекеттердин, башка өлкөлөрдүн академиктери чыгаан, илимдүү, билимдүү, кыргыз элине, жерине аябай салым кошо турган уулуңарды колдоно билбей жатасыңар деп билдирүү жасашты. Эмне себептен биз бул адамдын интеллектин мамлекеттин өнүгүшү үчүн колдоно албайбыз, камкордукка ала албайбыз? Анын жасаган эмгегинен жасай элеги дагы көп, ал үчүн Жумалиевде күч, тажрыйба жетиштүү. Жумалиевдин мурунку жакшы иштерин эске алып, аны үй камагына чыгарууга болот деп ойлойбуз”, - дешет Акжол айыл өкмөтүнөн кайрылган тургундар.
Ошондой эле кайрылган тургундар Жумалиевдин өмүр баянына, ал аймакка жасаган эмгектерине токтолушкан.
“Кубанычбек Мырзабекович Акжол айылынын тургуну. Жаш кезинен бери эле чет мамлекеттерде окуп, илимдин даражаларын алып, бул айылга абдан кадыры сиңген инсандарыбыздын бири. Ал Таш-Көмүргө ири цемент заводун куруп жаткан. Эгерде аны камап коюшса, бизнесмендер деле келбей калат окшойт. Бул бийликтин азыркы кадамдары менин оюмча туура эмес. Ошон үчүн биз аксакалдар, айылдык кеңештин депутаттары, элге, бийликке кайрылуу жасап отурабыз. Ал өз каражатына мектептерди, жолдорду курган. Бул нерсе элдин эсинде жана эл калыстыкты талап кылат. Биз Акжол айыл өкмөтүнүн 8 айылынан келген өкүлдөрү Жумалиевдин эмгектерин эске алып, иши калыс каралуусун суранабыз. Соттун чечимисиз анын камакка алынышы 1936-1937-жылдардагы репрессияны эске салат. Биз коррупция менен болгон күрөштү колдойбуз, бирок бардык нерсе мыйзам чегинде болушу керек.
Эми урматтуу Садыр Нургожоевич, Кыргызстанда 30 академик бар экен. Ошол академиктердин бири ушул адам. Аскар Акаев бийлигин таштап командасы менен качып кеткенде Жумалиев да качып кеткенге мүмкүн эле. Качып кеткендин ордуна ал Бакиевдин, Отунбаеванын, Атамбаевдин маалында иштеди, жумуш орундарын түздү. Жумуш орундарда азыр биздин мекендештерибиз иштеп, үй-бүлөлөрүн багып жатышат.
Урматтуу Садыр Нургожоевич, Жумалиевдин ишин адилет карап, үй камагына чыгарып берүүңүздү өтүнөбүз”, - дешет кайрылуу жасаган жарандар.