Президент "сырткы карыздарды төлөбөсөк бир топ объектилерибизден айрылабыз" деп кайсы объектилерди айтканы боюнча кийин маалымат жыйында билдирет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек маалымдады.
"Ал жалпылап айткан. Мамлекет башчы чоң маалымат жыйын бергенде бул тууралуу айтат. Насыяны өз убагында төлөбөсө объектилер өтүп кетет. Бирок президент насыяларды өз убагында төлөгөнгө аракет кылам деп жатат",- деди ал.
Маалымат жыйын качан өтөөрү азырынча белгисиз экенин кошумчалады.
"Сырткы карызыбыз 5 миллиард долларга жакын. Айрымдарын өз убагында төлөй албай калсак бир топ объектилерибизден айрылабыз. Келишим шартына ушундайга макулбуз деп кол коюп койгон экен Атамбаев. Бирок Кудай буюрса, бардык карыздардан өз убагында кутулабыз. Пландар бар", - деген Жапаров.