Чек ара чырына байланыштуу Бишкекте экинчи күнү митинг өттү

Бишкекте өкмөт үйүнүн имаратынын алдында бүгүн да чек ара чырына байланыштуу митинг өттү.

Митингге чыккандардын биринин айтымында, алар президент Садыр Жапаровдон чек ара аймактарынын көйгөйлөрүн чечип берүүсүн суранып жатышат.

Алар мамлекет башчысы изоляцияда болгонуна карабай, бул маселеге көңүл бурушу керек деп эсептешет.

"Садыр Жапаровго биз жеке арыз менен келген жокпуз, биз саясатка же анын ишине кийлигишпейбиз, бирок чечилбей жаткан чек ара көйгөйүн чечип берүүсүн талап кылабыз",- деди нааразычылык акциясына катышкандардын бири.

Кечээ, 15-февралда да митинг өтүп, топтолгондор "Баткендеги "өгөй балдарына" өкмөт көңүл бөлсүн!" деген талаптарын айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Porter-taxi
2021-02-16 15:04:54
Кана садыр жапаров чыкпайбы не жоголуп кетти
+1
Rusbayastan
2021-02-16 15:52:19
Болду эми ал чыкпайт,эч ким менен жолукпайт,Москвага барат экен го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан