Жакынкы күндөрү Баткенде жана Жалал-Абадда жергиликтүү тургандар менен коңшу мамлекеттин жарандарынын ортосунда чыр-чатактар чыккан. 14-февралда Баткен облусунда үч райондун эли катышкан митинг өткөн. Анда топтолгондор президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошуп, Баткен эли өздөрүн дайыма "өгөй бала" сезип келише турганын билдиришкен. Айтымдарында, чечилбес чек ара чырына буга чейин да эч бир бийлик жарытылуу көңүл бөлгөн эмес. Андан кийин Бишкек шаарында, өкмөт үйүндө дагы жарандык активисттердин катышуусунда митинг өткөн. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Германиядагы дарылануусунан кийин Бишкекке учуп келип, чек ара маселесин жеринен көрүү үчүн Баткенге барды.
SUPER.KG порталы "Жаңы бийлик чек ара сынагынан кандай өтөт?" деген собол салды.
ОРОЗОВА: "Чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундарына материалдык колдоо көрсөтүү керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова чек ара маселесине өзгөчө көңүл буруу керектигине токтолду.
"Бийликке бардык укук берилди. Бул маселе чечилиши керек. Аны чечүү үчүн конкреттүү иш-чара болушу зарыл. Баткенге өзгөчө статус беребиз деп жатышат. Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктарын кеңейтүү шарт. Чек ара маселеси боюнча каржыны аябаш керек. Чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундары көчүп азайып баратышат. Аларга дагы материалдык колдоо көрсөтүү керек. Алар кыйынчылыктан тажашты. Чек арага өзгөчө көңүл буруу шарт", - деди Карамат Орозова.
АЙТАЛИЕВ: "Жаңы бийлик чек ара маселесин мурункулардай эле болуп чече албайт"
Жарандык активист Бекназар Айталиев чек ара маселеси боюнча өкмөт мүчөлөрү менен жолукканын айтты. "Жаңы бийлик чек ара маселесин мурункулардай эле болуп чече албайт. Чек ара маселесин ар дайым дипломатиялык жол менен чечебиз деп келишет. Бирок дипломатиянын аркасында колдоп турган күчтүү аскердик күч болбосо ал дипломатия суу кечпейт. Биздин аскердик техниканы ал жакта күчтөндүрмөйүнчө дипломатиялык жол менен чечебиз дегени ишке ашпайт. Жаңы бийлик аскердик персоналдардын катарын көбөйтүшү керек. Аскердик техникаларды болушунча күчтөндүрүү зарыл. Кечээ өкмөт мүчөлөрү менен жолуктук биздикилер дагы деле кетенчиктеп көп жерлерди алдырып койчудай болуп турат",- деди Айталиев.
АРТЫКОВ: "Чек ара маселесин чечүүгө саясий эрк керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков чек ара маселесин чечүү сүйлөшүү жолу менен чечсе боло турганын белгиледи.
"Чек ара маселеси өтө татаал. Президенттин уруксаты жок бир сантиметр жер эч жакка кетпейт. Атайын кызматтар, комиссиялар бул иштин алкагында иштеши керек. Бирок бул маселени эки өлкөнүн президенти гана чечет. Бул маселе аягына чыкпайт. Сүйлөшүү жолу менен чечүү шарт. Жаңы бийлик чек ара маселесин чече алабы же жокпу айта албайм. Мен көзү ачык эмесмин. Бул бир жактуу маселе эмес. Кошуналардан дагы көз каранды. Ошолор менен сүйлөшүп чечсе болот. Буга саясий эрк керек", - дейт ал.
МЕДЕТБЕКОВ: "Чек ара маселелерин жер алмашуу, участок алмашуу жолу менен чечүү керек"
УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков чек ара маселелерин жер алмашуу, участок алмашуу жолу менен чечүү керек деген пикирин билдирди.
"20 жылдан бери чек ара маселелери чечилбей келе жатат. Көптөгөн чыр-чатак, жаңжалдар чыкты. Жоготуулар болду. Мындан улам элдин ишеними кетип калды. Бул маселени чечиш үчүн бүгүнкү бийлик саясий эрк менен чоң кадамга барышы керек. Коңшу өлкөлөр менен жер алмашуу, участок алмашуу жолу менен, дипломатиялык жол менен чечиши керек. Болбосо чек ара көйгөйү жакын арада чечилбейт. Бийликтин алдыга койгон максаттары чоң, билекти түрүп, алдыга жакшы кадамдарды коюп баштады. Андыктан күтө туралы. Сөз жүзүндөгү аракеттер ишке ашабы же жокпу 1-2 айдын ичинде белгилүү болот. Ошондуктан бул ишти тездетип, архивдик документтерди таап, анан карап чыгып, активдүү иш алып барса бул маселе батыраак чечилет. 1-2 айдын ичинде чек ара боюнча иштер алдыга жылбаса, анда элдин нааразычылыгы күчөйт", - деди Медетбеков.
МАВЛЯНОВА: "Аскер күчтөрүн чек арага жакын жайгаштыруу ар кандай чагымчылдыкка себеп болушу мүмкүн"
Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова чек ара көйгөйлөрүн чечүүдө аяр мамиле жасоо керек деген пикирин билдирди.
"Бийлик азырынча чек ара маселелерин чечүү боюнча белгилүү бир пландарын, программаларын айта элек. Бул көйгөй президенттин деңгээлинде чечиле турган иш. Ошондуктан Садыр Жапаров коңшу мамлекеттердин президенттери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек. Жеке менин пикиримде чек ара маселесине өтө аяр, кылдаттык менен мамиле жасаш керек. Аскердик күчтөрдү такталбаган аймактарга жакын жылдыруу керек деген пикирлер айтылып жатат. Бул туура эмес кадам. Мындай аракеттер ар кандай провокацияларга себеп болушу мүмкүн.
Буга чейинки бийликте тургандардын дагы чек ара көйгөйүн чечүүгө кудурети жетмек, азыркы бийлик деле бул иштерге чекит коюуга күчү жетет деп ойлойм. Болгону дипломатиялык жол аркылуу кылдаттык менен маселелерди чечүү зарыл", - деди Мавлянова.