Жакынкы күндөрү Баткенде жана Жалал-Абадда жергиликтүү тургандар менен коңшу мамлекеттин жарандарынын ортосунда чыр-чатактар чыккан. 14-февралда Баткен облусунда үч райондун эли катышкан митинг өткөн. Анда топтолгондор президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошуп, Баткен эли өздөрүн дайыма "өгөй бала" сезип келе турганын билдиришкен. Айтымдарында, чечилбес чек ара чырына буга чейин да эч бир бийлик жарытылуу көңүл бөлгөн эмес. Андан кийин Бишкек шаарында, өкмөт үйүндө дагы жарандык активисттердин катышуусунда митинг өткөн. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Германиядагы дарылануусунан кийин Бишкекке учуп келип, чек ара маселесин жеринен көрүү үчүн Баткенге барды.
SUPER.KG порталы "Жаңы бийлик чек ара сынагынан кандай өтөт?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова чек ара көйгөйлөрүн чечүүдө аяр мамиле жасоо керек деген пикирин билдирди.
"Бийлик азырынча чек ара маселелерин чечүү боюнча белгилүү бир пландарын, программаларын айта элек. Бул көйгөй президенттин деңгээлинде чечиле турган иш. Ошондуктан Садыр Жапаров коңшу мамлекеттердин президенттери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек. Жеке менин пикиримде чек ара маселесине өтө аяр, кылдаттык менен мамиле жасаш керек. Аскердик күчтөрдү такталбаган аймактарга жакын жылдыруу керек деген пикирлер айтылып жатат. Бул туура эмес кадам. Мындай аракеттер ар кандай провокацияларга себеп болушу мүмкүн.
Буга чейинки бийликте тургандардын дагы чек ара көйгөйүн чечүүгө кудурети жетмек, азыркы бийлик деле бул иштерге чекит коюуга күчү жетет деп ойлойм. Болгону дипломатиялык жол аркылуу кылдаттык менен маселелерди чечүү зарыл", - деди Мавлянова.