Бүгүн, 19-февралда УКМКнын алдында Райымбек Матраимовду колдоо митинги өттү. Имараттын алдына Матраимовдун кармалышына каршы болгон тарапташтары чогулган. Топтолгондор "Эмнеге Кулматов камалбайт!", "Матраимовду бошоткула!" деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп турушту.
Ошондой эле Кара-Суу шаарында "Исмаил Ата" атындагы мечит астында да Матраимовдун тарапташтары нааразычылык акциясын уюштурушту. Нааразычылык митингге чыккандар Биринчи Май райондук сотунун алдына келишкен.
Кечээ, 18-февралда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашкан.
Мекеменин маалыматына ылайык, Матраимов кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.