Буга чейин УКМК жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын биринин жетекчиси пара талап кылуу фактысы менен кармалганын билдирген.
Кийинчерээк "Кабарлар" маалымат агенттиги директору Үмүт Мукамбетованын кармалышы боюнча түшүндүрмө берди. Анда эки апта бою агенттиктин сайтына хакердик чабуул жасалганы, 2 күн мурда бир нече адам айрым саясатчылардын дарегине карата негативдүү маалыматтарды жазбоо талабын да коюшканын айтты.
"Андан кийин Аскар аттуу жаран “Кабарлар” маалымат агенттигинин директору Үмүт Мукамбетовага кайрылып, ага журналисттер менен маалымат жыйын уюштуруп берүүнү өтүнгөн. Ал патрулдук милиция кызматкерлерине кармалгандыгына байланыштуу кырдаалды айтып берүү үчүн маалымат бергиси келгенин айткан.
Аскар буга чейин бир нече маалымат каражаттарына маалымат жыйын уюштурууга көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал эми Үмүт Мукамбетова аты аталган жаран менен тааныш болгондуктан маалымат жыйын уюштурууга жардам берүүгө макул болгон. Иш-чараны "Жаннат" мейманканасында өткөрүү үчүн Аскар 20 миң сом берүүнү убада кылган.
Биздин агенттик муну саясий буйрук жана маалымат агенттигинин беделин түшүрүүгө багытталган максаттуу уюштуруу деп эсептейт", - дешет мекемеден.